Муфтий Максат Токтомушев кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максат Токтомушев кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Муфтийдин куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, ага-ини, эже-карындаштар! Кыргыз мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан жана ошондой эле өзүмдүн атымдан бардык Кыргыз жарандарын улуу Курман айт майрамы менен куттуктайм. Майрамыбыз берекелүү болуп, бардыгыбызга тынчтык, бейпилчилик, молчулук алып келсин.

Эзелтеден эле Курман айт майрамы адамзаттын баа жеткис байлыгы, дөөлөтү, тынчтыкты, ынтымакты, боорукерликти жана кайрымдуулукту чагылдырган мусулмандардын башкы майрамдарынан болуп эсептелет.

Биздин мамлекетибизде Курман айт коомубуздун турмушундагы маданий жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүдө, тынчтыкты, ынтымакты чыңдоодо маанилүү орунду ээлейт. Коомду руханий жактан тазалоого, жаңы муунду патриоттук сезимде тарбиялоого жана адеп-ахлактын принциптерин сыйлоого көмөк көрсөтөт. Мусулмандар кайрымдуулук иштерине, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого жигердүү катышуу менен улуттар аралык жана диндер аралык өз ара аракеттешүүнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келет.

Куттуу Курман айт майрамы ички тазалыктын, жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун салтанатын чагылдырат. Бул күндөрү жетим-жесирлерге, кары-картаңдарга, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардамдар жүрөктөрдү жакшылык жана ыраазычылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготот.

Жалпы Кыргыз жарандарына чың ден соолук, ийгилик жана аманчылык каалайм!

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу