Мурунку калаа башчысына дагы бир кылмыш иши кошулду…

Мурунку калаа башчы дагы бир кылмыш иши ачылды. «ТНК «Дастан» ишканасына тиешелүү «Күнөстүү жээк» пансионатынын 100% акциясын атайылап арзан сатып жиберген деп шек саналып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аталган иш тууралуу Албек Ибраимовдун өзүнө 17-январда билдирген. Ага ылайык, Ибраимов Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалына байланыштуу ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу) боюнча шектелүүдө.
УКМКнын маалыматы боюнча, Албек Ибраимов Президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп турган кезде «ТНК «Дастан» мамлекеттик ишканасынын башкармалык төрагасы Ю.В. буйрук берип, «Күнөстүү жээк» пансионатынын 100% акциясын төмөндөтүлгөн баа менен саттырган. Жыйынтыгында мамлекетке 82 750 556 сом зыян келтирилген.
Эскерте кетсек, «Күнөстүү жээк» («Солнечный берег») пансионаты Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан. Тергөө учурунда «Күнөстүү жээк» пансионатынын азыркы ээси М.Б. мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берген.

Мурунку калаа башчысы «Дастан» ишканасынын мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.

Жазгүл Урмамбетова,

NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу