«МУРУНКУ ЖИГИТИМ АЗЫР КӨҢҮЛДӨШҮМ»

Социалдык тармактан сени атайын издеп таптым. Анткени жолдошумдун жүрөк ооруткан мамилеси бул кадамга барууга түрткү болду. Эстесем, сени көрбөгөнүмө быйыл туптуура 7 жыл болуптур. Баралыңа жетип, зың­кый­ган, салабаттуу жигитке ай­ла­нып­тыр­сың. Буга чейин деле сени табууну каалагам, бирок жүрөгүмдү ооруткум келген эмес. Фейсбуктагы баракчаларың түркүн кыздар менен кучакташып түшкөн сүрөттөргө толуптур. «Бирөө эмес, көп кыз, демек, жүрөгүңдү эч ким ээлебептир» деген ой мени бир аз сооротуп койду. Сүрөтүңдү кечке телмире тиктеп отуруп жүрөгүм тызылдап, көзүмө жаш толуп кетти. Кантип сени баркымды билбеген, уруп-согуп тепкилеген адамга алмаштырдым экен? Бир күнү Мерседес, бир күнү Жип минип келип кучагымды розаларга толтурса азгырылып кетиптирмин да. Көрсө, бул жөн гана жарнама экен. Кийин атасынын акчасына көпкөн, кумар оюну дегенде жанын берген адам болуп чыга келбедиби?! Кыздуу болдук, бирок анда ата мээрими ойгонгон да жок. Үйдүн кожоюнунун милдетин сезип да койбоду. Андан бир нече жолу кетип көрдүм, толгон убадаларды берип, жалынып-жалбарып жатып кайра алып келет. Алып келгенден кийинки кө­рү­нүшчү? Баары кайталанат. Үй­лөнгөнү бир жерде туруктуу иштеген жок. Атасы ортого тааныш-билиштерин салып жатып эптеп жумушка орноштурат. Бул болсо кыйналып араң 1 же 2 ай иштейт да, анан тапканын казиного уттуруп, бутуна тура албай мас болуп келет. Аны адам катарына кошуп, бир туугандары менен жамандык-жакшылыктарга аралаштырып жүргөн мен экенимди билип да койгон жок. Анын түшүнүгү боюнча ошондой болушу керек жана бүт аалам ага карыз. Мен шордуу тиги керек, бул керек деп көп акча табайын деп тырышып иштейм. Бир жолу адатынча катып койгон чоң суммадагы акчамды уурдап, уттуруп келди. Кезектеги жаңжал башталды. Баарынан да кайын журттун көзүнчө сөөгүмө жеткире сөгүнүп сүйлөгөнүчү?! «Сен ар ким менен жүргөн шур­куя­сың! Жогорку билимиң жок майлуу-сүттүү жумушта бекеринен иштеп жүрөсүңбү?» деп толгон-токой кептерди айтты. Үйүндөгүлөргө мени жаманатты кылып, «аялы ала жипти аттаганы үчүн ичип жатыптыр» деген ойдо калтыргысы келди окшойт. Максатына жетти, уялганымдан кирерге жер таппай калдым. Бардык кылыгына чыдап, акыры угар сөзүм ушул беле? «Ак жеримден каралап жатасың. Сени, баланы багып жатканым сага жакпай калдыбы? Же сен өзүң иштеп акча таап, бизди бакпасаң? Жан талашып иштеп жаткан мени шуркуя көрсөткүң келсе, көрсөт! Шуркуя кандай экенин билбей жүрүптүрсүң! Анын кандай экенин эми сага көрсөтөм» деп айтып чыгып кеттим. Бул жалаа чыдамымдын жеткен чеги болду. Жүзүмдү көз жашка жууп отуруп, оюма сен келдиң, Эдик. Анткени ыза болгон сайын сени эстегенди адатка айлантып алгам. Сен болсоң азыр башкача жашайт белем, ким билет?.. Намысымды жыйыштырып, ага өзүм кат жаздым. – Кандайсың? Мени таа­ны­дың­бы?.. Ал ушуну эле күтүп жүр­гөн­­дөй дароо жооп берди. – Оо, какие люди? Кандайсыз? Сизди кантип унутайын?- Эдиктин мага өзгөчө жаккан сапаты ушул эле. Тамаша аралаштырып сүйлөп бат эле маанайды көтөрүп, баарын унуттуруп коёт. Экөөбүз өткөн-кеткен күндөрдү эстеп отуруп, жолугушмай болдук. Биз белгилеген күн да келди. Үйдө кадимки эле атмосфера. Жолдошум адатынча башын көтөрө албай жатат. Мен ага бүгүн көңүл да бөлгөн жокмун, анткени бул күндү көптөн күткөм. Жүрөгүм алып-учуп бир жерде тура албайм, улам сааттын жебесин карайм. Мындай сезимдер менде жашабай калганына көп болгон экен. Бир чети туура кылып жатамбы деп ойлоном, кайра мен деле бир келген жашоодо бактылуу болушум керек деп өзүмдү жоошутуп коём. Өзүмчө бетим албырып уялам, бир баланын энеси болуп мынча толкундандым деп. Акыры жолук­тук, жүрөгүм кабынан чыгып кет­чүдөй согуп, алакандарым да ным­дашып чыкты. Эк, кургур жүрөк, үмүт өчпөгөн экен да. Менин жанымда олуттуу кө­рүн­гү­сү келгени менен, сенин да толкунданып жатканыңды туюп турдум. Демек, сенде да сезимдер өчпөгөн экен деп койдум. Азыр ага сырдаш, ишенимдүү адам керек эле. Биринчи жолукканда эле ийне-жибине чейин баарын төкпөй-чачпай айтып салдым. Ал кандай түшүнөт, туура кылдымбы, аны ойлоп да койгон жокмун. Аягында кечирим сурадым. – Мени кечир, адаштым…- башка эч нерсе айта албай солкулдап ыйлай бердим. Адатынча көпкө чейин чачымдан сылап отуруп: – Менден эмнеге кечирим сурайсың? Тагдыр үчүн кечирим сурамак беле? Мени ырас эле таштап ке­типтирсиң. Ошого чыйралып, бутума турдум. Сага кийин жолукканда алдыңда шүмүрөйүп турганымды каалаган жокмун,-деди. Бул жолугушуудан кийин күйөөмдөн айткан сөздөрү үчүн өч алгым келип, Эдик менен мамиле түзүүгө бардым. Ичтеги кек ошого жеткирди. Дайыма жолуга берип көнүп калдым, күндөн күнгө сүйүүм артып баратты. Бирок мага ачуу чындыкты айтып берип туңгуюкка кептеп салды. – Сенин жашооңду эбак изилдеп чыккам, жолдошуңду тааныйм. Ал сага жакшылык алып келчү адам эместигин бир сүйлөшүп эле билип алгам. Аның аябай жеңил ойлуу жигит экен, казиного азгыруу оңой эле болду. Сени тартып кеткени үчүн андан ушинтип өч алгым келген. Эми аны туура жолго сала албайсың. Мунун баарын сени жакшы көргөнүм, ошол эле учурда кек алуу үчүн да жасадым. Көп кыздар менен сүйлөштүм, бирок алардын бири да сенин ордуңду ээлей алган жок. Экөөбүз үй­лөнөлү, кы­зың­ды өзүмдүн баламдай эле багып алам,- деп агынан жарылды. Айткандары үс­түмө муздак суу куюп салгандай болду. Көрсө, кептин баары бул жакта жаткан турбайбы?! Көзүмдүн кареги менен тең айланып турган аны азыр жакшы көрөм. Ага турмушка чыгып, жашоомду ак барактан баштагым келет, бирок жашоомдун бузулушуна себепкер болгону үчүн кечире албай жүрөм…

Назгүл
Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу