Мурундан кан кеткенде лимон жардам береби? Кантип?

Лимондун курамы: витаминдер жана минералдар Лимондун негизги курамын суу менен лимон кислатасы түзөт. Бирок мындан сырткары анда организмге керек эң маанилүү витаминдер да көп. Лимондо биринчилерден болуп эле С витамини көп. Аны менен катар эле дагы: А, В1, В2, D витаминдерин жана мындан сырткары цитринди (витамин Р) курамына камтыйт. Лимон химиялык курамы боюнча өзүнчө бир фенолдук байланышка жана жогорку биологиялык активдүү заттар менен касиетүү баалуулуктарга ээ. Ошондой эле минералдык туздарга, лимон кислотасына бай. Ошондуктан ал организмге абдан керек. Дал ушул айкалыштар адамдын организмине керектүү дарылык касиетүү күчтүү жана косметикалык каражат катары жакшы пайдаланылат. Лимондун касиети Лимондун антисептикалык касиети күчтүү. Египеттин айылдарынын тургундарын чаяндар чагып кеткенде лимонду экиге бөлүп, бир бөлүгүн чаккан жерге коюп, калган жарымын сорушса, жыйынтыгында жабыркаган жер бат эле жоголуп кетет. Лимондун ширеси Лимондун ширеси эс тутум начарлаганда, ашказан ичеги, таш пайда болгон ооруларда, организмдин зат алмашуу процесси жоголгондо, гемморойдо, лихородка суук тийген абалда таасирлүү. Мындай ооруларда жарым стакан кайнак сууга 0,5 лимондун ширесин кошуп, күнүнө 2-3 жолудан ичсе болот. Ошондой эле жаңы жемиштерге лимондун ширесин кошуп, тузу жок салаттарды жасап жесе да жакшы. Тамак ооруларында Ангина жана ооздун көңдөйлөрүнө, тамакка суук тийген ооруларда оозду сууга кошулган лимондун ширеси (1/2 стакан кайнак сууга 0,5 лимон кошулат) менен чайкаса таасирлүү. Теринин козу карын ооруларында лимондун ширесин дары катары иче берсе да болот. Өт ооруганда Өткө таш пайда болгондо 1,5 литр сабиздин, кызылчанын, бадыраңдын аралашмасы кошулган 10—12 стакан лимондун ширесин бир күндин ичинде иче берсе болот. 6-7- күндөрү катуу жабыркаган жер катуу ооруп, анан ору басылып, таштар жоголот. Өтө катуу ооруганда ооруну баскан каражаттарды колдонуш керек. Суусаган абалды басат Лихородка ооруларында, каның катып суусаганда, деги эле жалпы абалды жакшыртуу үчүн лимондун ширесинин пайдасы күчтүү. Витамин жетишпегенде Организмге С жана Р витаминдери жетишпегенде, зат алмашуу бузулганда ошондой эле кычкылтеги төмөн гастрит, подагр, заара чыгаруучу каналдарга таш пайда болгон ооруларда пайдалуу. Лимондун кабыгы Тамак сиңирүүнү жакшыртыш үчүн шекерде кайнатылган лимондун кабыгын колдонсо болот. Лимондун жаңы кабыктарын ак жерлеринен тазалап алып, нымдуу жагын чыкыйга коюп 10-15 мүнөт кармап туруш керек. Ал жер кызыл болуп ачышып жана кычышып чыгып, баштын оорусу жоголот. Чийки лимон Ангина жаңы башталганда чийки лимонду (өзгөчө кабыгын) жайдан чайнап койсо жакшы. Андан кийин лимондун кислотасы оорулу жерлерге таасир бергенче 1 саат бою эч нерсе жебеш керек. Ушул эле көрүнүштү 3 сааттан кийин кайра кайталаса болот. Бут ооруганда Буттун тарамыштары тырышып калганда эртең менен жана кечинде жаңы лимондун ширеси менен буттун тамандарын сүртүп, кургагандан кийин байпак менен бут кийимди кийсе таасири байкалат. Бул жол менен дарылоонун бир курсу – 2 жумадан аз болбошу шарт. Сасык тумоодо Сасык тумоого кабылганда чайга бир чай кашык бал менен лимонду кошуп ичкенде дароо таасири байкалаарын баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан бул ооруну алдын алыш үчүн да аны суук түшөөрү менен эле активдүү колдоно берсе болот. Ал эми ооруганда ал сөзсүз дасторкондо болушу шарт. Лимон кошулган чай Чайга лимон кошуп ичүү – дем алуу органдарына суук тийген ооруларда эң сонун каражат. Медицина Заманбап медицинасы лимондун пайдалуу дарылык касиетин авитоминозду жана ар кандай ооруларда алдын алуу үчүн колдонот. Өзгөчө андагы С жана р витаминдери суук тийген ооруларда абдан маанилүү жана организмдин иммундук-биологиялык реакциясын көтөрөт. Ошондуктан лимонду суук тийген менен ар кандай инфекцияларга байланыштуу жана терапевтик, хирургиялык ооруларында организмдин коргоочу заттарын жакшыртуу үчүн диета-дары каражаты катары колдонушат. Лимон мозолдорго каршы Уктаарда буттарды буулап, мозолдорго лимондун кабыгын тагып, 2-3 күндүн ичинде бул процедураны кайталап, андан кийин бутту дагы бууга кылдаттык менен коюп, мозолдорду алып салуу керек. Чачка тийгизген таасири Чачты таза жуугандан кийин жарым лимондун ширесин беш литр сууга чылап, аны менен чачты жакшылап чайкап койсо, чач кулпуруп, жалтырап, табигый өңүнө келип, көздү уялтат жана чачты түшүрбөйт. Ошондой бир нече жолу: 1 литр сууга 2 чай кашык лимондун ширесин же уксусту кошуп чайкаса да эң сонун таасирин берет. Мурун ооруганда Мурундан кан кеткенде:1 стакан муздак суу, 1/4 лимондон же 1 чай кашык уксус же 1/3 чай кашык квас кошуп, бул аралашманы мурунга коюп, мурун менен аны тартып, тарткандан кийин 3-5 мүнөт кармап туруш керек. Тынч отуруп же туруш керек жана жаткан болбойт. Маңдай менен мурунга нымдуу сүлгү же тоңдурулган музду коюш керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу