Мурдагы жол министри К.Жумалиев да камалабы?

Кечээ жакында ЖК депутаты У.Ормоновтун демилгеси менен Түндүк-Түштүк жолуна бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдаланышы боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына К.Жумалиевтин аты аталганы коомчулугунбузда кайчы пикир жаратты. Себеби: ошол кездеги жол министри К.Жумалиевтин түздөн-түз күнөөсү менен Бишкек-Ош жолунун курулушуна бөлүнгөн акча каражатынын жеп ичемдикке жол берилип, максатсыз пайдалангандыгынын кесепетинен Маданият-Жалал-Абад жолу 15 жылдан бери бүтпөй келет. Буга ошол кездеги жол тармагында бир күн да иштебеген, жол жөнүндө кыпындай да түшүнүгү жок, кокусунан келип калган жол министри К.Жумалиев гана күнөөлүү деп эсептейбиз. Тамтыгы кетип тешилген жолдун азабынан көптөгөн айдоочуларыбыз жол кырсыгына учурап, канчалаган тагдырлар талкаланды. Буларды ким жок же калп деп айта алат? Жумалиев да айта албайт. Жол азабы көр азабы деп орто жолдо карапайым калкыбыз кыйналууда.

10-15 жылдан бери ансыз да аксак экономикабызды ого бетер аксатып, тешилген жолдордун тешигин жамайбыз деп миллиардтарды чыгымдап келе жаткандыгыбыз үчүн ким качан жооп берет? Эгерде «Кыңыр иш кырк жылда билинет»,-деген президентибиздин айткан сөзү чын болсо, К.Жумалиевтин жооп берчү кези келди. Эмне, К.Жумалиев Ж.Сатыбалдиев, С.Исаков, О.Артыкбаевтерден өйдө турабы? Анын А.Акаевтин арты менен эбегейсиз байлык топтогонун коомчулук жакшы билет. Эми жол эмне үчүн бүтпөй калган?» деген суроого жооп издесек, мындайча.

Бул жол үчүнчү фазага кирген Купсай-Сай-Маданият деген аталыштагы жол менен катар 2008-жылдары эле бүтүшү керек болчу. Тилеке каршы тар чөйрөнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон ошол кездеги жол министри алдын ала сүйлөшүүлөрдүн (по предварительному сговору) натыйжасында долбоордук иш кагаздарынан одоно түрдө четтеп (грубое отклонение от проекта), туризмди өнүктүрөбүз деген айла-амалды ойлоп табышкан.

Ал кездерде К.Жумалиев жол министри эле эмес, вице-премьер кызматты да аркалап, эки тизгин бир чылбыр колунда тургандыгынан пайдаланып, өкмөттүн токтомун токутканга да жетишкен. Буга ылайык бөлүнгөн акчаларды Базар-Коргон-Арстанбап менен Таш-Комур-Сары-Челек жолдоруна максатсыз пайдаланышкан. Таш-Комур-Каражыгач жолун К.Жумалиев жердештеринин суроо-талабына ылайык курдурганы коомчулука жашыруун деле эмес. Андай болбогон шартта жол Сары-Челеке чейин салынышы керек болчу. Ал эми Базар-Коргон-Арстанбап долбоорго ылайык төртүнчү категорияга эсептелинген курорттук зонага ылайыкташтырылган туристтердин суроо-талабына жооп бергидей жол салынышы керек эле. Арийне, андай жол салынбады. Салынып да калмак, эгерде бөлүнгөн акча толук ээсине жеткенде. Бөлүнгөн акчалар бүкөмбара болуп, сол чөнтөктөргө солонуп кеткендигине байланыштуу, жолдун курулушу оңдоп-түзөө иштери менен гана чектелип, жолубуз мурда кандай болсо ошондой бойдон кала берди. Ал убакта эки креслону бирдей ээлеп турган Акаевтин эрке талтаңына эчким батынып, сөз айта алышкан эмес. Азыр болсо айтмак турсун, сурака алчу кез келди. Ага учурдагы президентибиз жол ачып койбодубу. Туризмди өнүктүрөбүз деп токулган токтом да ишке ашпады. Ал болгону коррупцияга жол ачты. Ал эми Жумалиевтин былыктарын жабам деп

кийинки министр Н.Сулайманов облустук ПЛУАДтарды бекер иштеткенин да коомчулук жакшы билет.

Мамлекетибиздин күрөө-тамыры аталган, чоң стратегиялык мааниге ээ, эл-аралык жолубузду чок ортосунан 70км курбай таштап кетип, экономикабызды бир канча жылга атайлап алсыздандырышты. Эгерде жол баш жагынан же этек жагынан курулбай ташталып кетсе, биз түшүнөт элек. Жумалиевтин логикасы бизге түшүнүксүз. Эмне, Ошко учуп келип түшкөн туристтерибиз Арстанбап, Сары-Челеке барыш үчүн 70 чакырым тешилген жаман жолду аралап өтүшү керекпи?

Ток этер жерин айтканда, К.Жумалиев кимдир бирөөнүн катачылыктарын иликтебей, кимдир бирөө К.Жумалиевтин катачылыктарын иликтесе калыстык болот беле. Башканы койолу, жыл башындагы ЖЭБтин аварияга учурашы боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алсак, бул орошон окуя мекендештерибиздин бирин да кайдыгер калтырган жок. Ал эми эл өкүлү аталган, элдин атынан депутат болуп маяна алып жаткан бир гана Кубанычбек Мырзабекович бириң өлүп, бириң кал дегенсип, ак же көк деп койгонго жараган жок го, чиркин! Анан кантип карышкырга кой кайтартканы турасыңар урматтуу депутаттар? Ушунчалык кайдыгерликтин сазына белчесинен баткан кишинин комиссияны жетектегенге моралдык укугу барбы? Албетте жок. Анткени ал депутат Улан Примовдой болуп адилеттүү чечим чыгара албайт. Себеби өзү таза эмес. Куйругунда калбыры бар. Ошондуктан бирөөгө сын айта албайт. Айтса «Сага сын айтканды ким койуптур?»,- дегендер чекеден чыгат. Ошон үчүн К.Жумалиев үч жылдан бери ооз ачпай, балык болуп олтурат.

Аягында айтаарыбыз, калкыбыздын казынасына кол салып, бекер байлыкка тутунгандар кусуп берип эле жөн калбай, камалышын укук коргоо органдарынан талап кылабыз.

Карапайым калкыбыздын кайчы пикирин кагазга түшүргөн

Сарим Бекботоев, Жалал-Абад шаары.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу