Мурдагы депутат Музаффар Исаков шарттуу түрдө 7 жылга кесилди

Жарыш сөз учурунда прокурор экс-депутатты 12 жылга эркинен ажыратып, мал-мүлкүн камакка алуу менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөсүн сураган.

Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Музаффар Исаковду шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жаза мөөнөтүү шарттуу жана 3 жыл сыноо мөөнөтү берилди.Жарыш сөз учурунда прокурор экс-депутатты 12 жылга эркинен ажыратып, мал-мүлкүн камакка алуу менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөсүн сураган.

Исаковго 2017-жылдын февралында «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура Исаковго Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп жаткан учурунда (2010-2015-жылдар) 315 токтомду мыйзамсыз чыгарган деп айыптаган.

2018-жылдын 24-декабрында КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков өз каалоосу менен мандатын тапшырган.

Булак: Спутник 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу