Мурдагы вице-премьер-министр Зилалиев кармалганын адвокаты ырастады

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкекте кармалды. Бул маалыматты анын адвокаты Учкун Каримов ырастады. Адвокат Каримов Зилалиев кандай жагдайда кармалганына кеңири токтолгон жок, болгону бүгүн бөгөт чарасы аныктала турганын айтты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Зилалиев “Манас” аэропортунан башка өлкөгө учуп кетээр алдында кармалганын жазып чыгышкан.

Зилалиев буга чейин үч жылга шарттуу кесилгендиктен өлкө аймагынан чыгууга укугу жок болчу. Учурда экс-вице-премьер УКМКнын Тергөө абагында отурганы айтылууда.

УКМК жана Чек ара кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу