Мурашев жетекчилик чечим кабыл алса кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирди

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев мекеменин ишине карата айтылган сын-пикирлер тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Ал эгерде жетекчилик «ишти жакшы алып кете албайт» деген чечимге келсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты.

 Мен буга эч кандай жаман көз карашта эмесмин. Эгер ошондой маселе болсо, сөз жок. Кетүүгө даярмын.

Кыргызстанда быйыл айыл чарба азыктарынан картөшкө, жүгөрү жана сарымсактын баасы өтө арзан болуп, дыйкандардын мээнети акталбай жатканына байланыштуу Айыл чарба министрлигине жана министр Нурбек Мурашевдин дарегине карата сын арбыды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-октябрда Мурашевди кабыл алганда «рыноктун баасын алдын алуу, айыл чарба продукцияларын экспорттоо иштери жетишсиз» деп сынга алды.

Расмий маалыматка караганда, быйыл Кыргызстанда 84 миң 500 гектар жерге картөшкө айдалып, 1,5 миллион тонна түшүм алынган. Картөшкөнүн дүң баасы 8-10 сомдон сатылып жатат.​

Былтыр күзүндө дыйкандар картөшкөнү дүңүнөн 18-20 сомдон сатышкан.

Коомдо Кыргызстан агрардык өлкө болгону менен Айыл чарба министрлиги «советтик иш ыкмасынан арыла элек» деген сын-пикир да айтылып жүрөт.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу