Мурашев: Айыл чарба министрлигинде кыскартуу болбойт

2019-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде кыскартуу болбойт. Бул тууралуу министр Нурбек Мурашев «мекеменин штаты дагы 23 кишиге көбөйдү» деген кабарга комментарий берип жатып билдирди. Ал 2016-жылдагы оптимизациянын негизинде айрым департаменттер Салык кызматынан өзү жетектеп турган министрликке өткөнүн, ошол кезде кошумча штат ачылганын билдирди.

Мурашевдин айтымында, учурда министрликке караштуу сегиз департамент иштеп жатат. Анда жалпысынан 5 миңге жакын кызматкер эмгектенет.

Кыргызстанда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги эң көп сынга кабылган мекемелердин бири. Буга чейин айрым адистер аны толук жоюп салуу маселесин көтөрүп келишкен. Өткөн жылы министрликтин курамында иштеген 500дөн ашуун кызматкердин жумуш орду кыскартылган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу