Президенти Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Мукамбетов Мурат Картайбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.