Мурат Жетимишбаев: «Курман болгон жигиттин убалы баарын уктатпасын»

—АШАнын кандай коргонуп жатканы жалпы элге маалым эле. Ошондуктан спецназ мындай кадамга барбаш керек болчу. Бул бийликтин алсыздыгын көрсөткүсү келген АШАчыл командирлердин провокациялык кылган атайын аракети болду. Ушул операцияны уюштургандар накта АШАга жан тарткандар. Негизи биздин спецназ бир айылдын тентектерине каршы тура албай бүт дүйнөгө уят болду. Курман болгон жигиттин убалы баарын уктатпасын. АША дагы кеч боло электе ойлонушу керек. Жалпы кыргыз эли аны колдобойт. Бирок кайдыгер. …ушул жаман,- деди Мурат Жетимишпаев Кой-Таштагы болгон окуяга.

Учурда Кой-Ташта колго түшкөн күч кызматкерлери бар. «Бийлик биздин талаптарды аткарган жок, демек, биз, бул жактагы аскерлерди бербейбиз. Аларды кое бериш керекпи же керек эмеспи, аны эл чечет. Алардын абалы жакшы», — деди Фарид Ниязов айтты.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Эске сала кетсек кечээ, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында 40 тан ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

УКМК ага чейин Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап,

«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», — деп жарыя кылды.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси («Туткунга алуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тизмесинен орун алды.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу