Мурадил Жумадилде уулу «Кыргызалтындын» жетекчисинин орун басары болду

«Кыргызалтындын» жетекчисинин орун басары болуп Мурадил Жумадилде уулу дайындалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун басма сөз өкүлү Толкун Камчыбекова кабарлады:

— Мурадил Жумадилде уулу экономика, каржы жана инвестициялар боюнча орун басар болуп дайындалды. Аны бул кызматка Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет сунуш кылып, директорлор кеңеши тиешелүү чечим чыгарды. Бул кызматты мурун Бектур Сагынов аркалап келген.

1985-жылы төрөлгөн Мурадил Жумадилде уулу мурун «Кыргызтелекомду» жетектеп келген. Ага чейин ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Толкун Камчыбекованын айтымында, жакын арада «Центерранын» директорлор кеңешинин курамында да өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Буга чейин «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөсү Нурлан Кыштобаевди Аскар Өскөмбаев алмаштырган. Азыр директорлор кеңешине Өскөмбаевден тышкары Бектур Сагынов менен Эдуард Кубатов кирет.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу