Мумия көмүлдү. Кырсык азаймак турсун көбөйдү го?..

Жакырчылык каптаган коомдун караңгылыгы менен билимсиздигинен пайдаланган динчилдер менен көзү ачыктар эл арасында кеңири кулачын жайып,мамлекеттик саясатка чейин аралашып баштаганы ачык байкалууда. Алардын бири өлкөнүн маданияты жана илимий чөйрө үчүн баалуу саналган мумиянын көмүлүшү болду. Динчилдер менен көзү ачыктар сөөктү көмүү керектигин какшап, кырсык көбөйгөнүн бетке кармашып, жерге берилсе эле адам өмүрүн кыйган кырсыктар азаят деген нерсени божурашкан.

Тилекке каршы, караңгы түшүнүккө чулганган  “антенналуу” жарандардын айтканындай болбоду. Мумия көмүлгөндөн бери кырсык азаймак турсун ого бетер көбөйүп, жолдо курман болгондордун саны арбыды. Өлкөдөгү баалуу экспонатты талкалагандар буга жооп береби? Мүмкүн көзү ачыктардын атаманына айланган Түгөлбай Казаков үн катар, жел чыгарбайсыңарбы?

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу