Мукар Чолпонбаев, Эмгек сиңирген юрист: “Матраимовду кызматтан-кызматка көтөргөн Атамбаев, анын өз “оорусун” башкага жуктуруу аракети суу кечпейт”

— Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Райым Матраимов боюнча чечими ар кандай бааланып жатат. Сиз юрист катары бул чечимди кандай кабыл алдыңыз?

— Чындыгында Матраимовду кызматтан алуу мыйзамсыз болгон. Мен юрист катары Биринчи май райондук сотунун чечиминен эч кандай мыйзам бузууну көргөн жокмун. Көптөн бери бул маселе талкууланып жатканда өзүм да байкап келдим. Негизи Матраимовду кызматтан-кызматка көтөргөн Атамбаев жана анын шоопуру Илмиянов болгон. Аны өзү да гезиттердин бирине берген маегинде билдирген. 2010-жылы Бекназаров менен Атамбаевдин бул боюнча телефондон тартышканынын да билебиз. 8 жылда аны Оштон Бишкекке чейин көтөрүп, көкөлөткөн да Атамбаев болгон.

— Бирок Атамбаев өз билдирүүсүндө муну өч алуу деп жатпайбы?

— Бул жерде эч кандай өч алуу жок. Атамбаев кетер алдында өзү дайындаган премьер-министрге аны кызматтан алууну тапшырып, Сапар Исаковдун бул чечими мыйзамсыз болуп жатпайбы. Ошондуктан Атамбаевдин бул билдирүүсү суу кечпейт. Элдин башы болуп, 6 жыл Кыргызстанды башкарган адамдын бул кадамы, же өз “оорусун” башкага жуктуруу аракети ишке ашпайт.

Булак: «Марал» радиосу

Аргумент.kg
Жооп калтыруу