Муздак суунун ордуна жылуу суу ичүүнүн 4 себеби…

Ушул күнгө чейин сиз күнүнө бат-баттан суу ичип туруш керек экенин уксаңыз керек. Албетте бул сөзсүз пайдалуу. Бирок, муздак сууну жылуу сууга алмаштыруу өтө маанилүү.

Муздак суу тамактын курамындагы майды тоңутуп, тамак-аш сиңирүү процессин төмөндөтөт. Жылуу суу тескерисинче майдын ылдам таралып, организмдин тамакты тез сиңирүүсүнө себепчи болот.

Ошондой эле, дем алуу системасына да тийгизген пайдасы көп. Муздак суу дем алуу системасындагы инфекцияларды пайда кылып, тамактын шишип кетүүсүнө алып келет. Жылуу суу тескери эффект берет:

Ал тамакты жумшартып, андагы ыңгайсыздыкты жоёт.

Жылуу суунун таасири кан айланууга да бир топ пайда алып келет. Муздак суу кан тамырлардын тарылуусуна алып келип соксо, ал эми жылуу суу тамырларды кеңейтип, натыйжасында кан айлануу активдүү жумуш иштей баштайт. ушунун аркасында сиздин организм токсиндерден тез арылат.

Нерв системасына тийгизген таасири. Төмөнкү температура көп учурда баш оорунун пайда болушуна алып келет. Изилдөөгө шайкеш, муздак сууну бат-баттан ичип туруу мигрен оорусун пайда кылат экен. Ал эми жылуу суу баш ооруну азайтат. Өзгөчө ал баштын тырыш-бырышын жазууда таптыргыс суусундук.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу