МУГАЛИМДЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРДЕН АКЧА ЧОГУЛТУУСУНА БУЙРУК АРКЫЛУУ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Бишкек шаардык мэриясы “Мыйзамсыз акча чогултканы үчүн билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө” буйрук чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы убактарда Бишкектеги билим берүүчү уюмдарда акча чогултуу ата-энелер, коомчулук, ММКлар тарабынан социалдык тармактарда катуу талкууга алынууда.

Ата энелер бул маалымат расмий түрдө, ачык айтылса алардын балдарына залакасы тиет деп кооптонуп келишет.

“Маселеге сүңгүй турган болсок чындыгында эле мектептер ата-энелер, демөөрчүлөр тарабынан кошумча каржылоого муктаж. Бирок мектептердин муктаждыктарынын баардыгын ата-энелердин мойнуна жүктөп койбош керек”,-деп жазылат билдирүүдө.

Бул буйрукка ылайык, кандайдыр бир иш-чараларды, майрамдарды өткөрүүгө мугалимдер, класс жетекчилер жана окуучулар тарабынан акча чогултууга тыюу салынат.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу