Москва шаарындагы  «КЫРГЫЗСТАН СООДА ҮЙҮндө» оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлөт

«Кыргыздипсервис» малекеттик ишканасы  Москва шаарындагы «Кыргызстан соода-үйүн» оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Мамлекеттик дипломатиялык «Кыргыздипсервис»  ишканасы калыбына келтирүү  иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялады.

«КЫРГЫЗСТАН СООДА ҮЙҮ»  Орусиянын Москва  шарынын Тынчтык проспектисинин 119 үйүндө, ВДНХнын аймагында жайгашкан. Бул объектиге Кыргызстандык «Кыргыздипсервис»43 млн 790 миң 157 сом жумшоого даяр.

Жогоруда көрсөтүлгөн сумма баштан аяк оңдоого, плиткаларды коюуга, отургучтарга жана башка жасалгалоо иштерине жумшалат.

«Кыргыздипсервис» мамлекеттик  ишканасы, объектини  калыбына келтирүү иштерин Орусиянын «СИМАРГЛ» илимий- изилдөө долбоору менен биргеликте сметалык чыгымдарды  иштеп чыккан.

Эске салсак бул павильон 2008-2009 жылдары Москва шаарындагы жашап жаткан кыргызстандык ишкерлер тарабынан калыбына келтирилип «КЫРГЫЗСТАН СООДА ҮЙҮ» аталышында ишке кирген. Ага Кубанычбек Кожоев 2015- жылга чейин ээлик кылып келген.

2010-жылдын 17- сентябрынан тартып  эки өлкөнүн өкмөттөр аралык  келишиминин негизинде Оруссиянын Москва шаарындагы ВДНХ аймагына «КЫРГЫЗСТАН СООДА ҮЙҮН»  тузүүгө кол коюлган.  №4 «Биология» аталыштагы павильону Кыргызстан тарапка 50 жылга ижарага берилген.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу