Москва АШАны күтпөгөнүн билдирди. Экс-ажо оюнан жомок чыгарууда

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Москва шаарынан өтө көңүлү чөгүңкү кайтканын маалыматтар булактары жазып чыгышты. Себеби, ал «жеңемдин тажиясына жана дагы саясий партиялардын конференциясына катышат элем» деп 22-октябрда Россияга учуп кеткен эле, анан 28-октябрда кайра шылкыйып кайтып келгенин көрдүк. Бирок, ошол абалын элге билдиргиси келбей, ал учурда «Мен тигил менен жолуктум, баланча менен сырдаштым, түкүнчө мени аябай жылуу кабыл алды» деп эле мактанып атканын эшиттик.

Ырас, Москвадан Атамбаевди Россиянын бийлигинин бир дагы өкүлү кабыл албаганын, алтургай Кремлдин оозуна да жакын баралбаганын коомчулук жакшы билип тургандыктан КСДП расмий түрдө мактана албай турат. Бирок, АША дайыма имиш, ушактар менен да пиар жасап көнүп калгандыктан, анын пиар-технологдору расмий түрдө эмес, жөн гана ушак аркылуу «Атамбаев Россиядан баланча деген үлкөн менен жолугуптур, ал аны колдойм дептир» деген сыяктуу имиштердин парадын даярдап жатышат дешет. Андыктан кулакка илине турган кесмелерге даяр тургула.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу