Москванын так ортосунан үй алган аткаминер. Кайдагы акчага дебейсизби?

Аткаминерлер коррупция менен күрөшүп жатабыз деп эле төш каккылашат. Алар төштөрүн
каккылаган сайын коррупционерлер көбөйүп жатканы менен иштери жок. Мурунку бийликтин
мезгилинде коррупционер же ага шектелген аткаминерлердин көпчүлүгүнүн колуна кишен салынган
жок.  Тескеринче, бийликте олтургандардын коррупциялык иштерин айткандар темир тор артына камалып, кээ бирине чоң өлчөмдөгү айып пул салынып жайдакталып калды. Болбосо, Жогорку Кеңештин бир канча депутаттары, чоң кызматта олтургандардын кылмыш иштери сотто, өздөрү иш бөлмөсүндө же ар жакта шапар тээп эле жүрүшөт. Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин канчалаган аткаминерлер темир тор артына кирип кетти. Муну коррупционерлер менен чыныгы
күрөш десек болот. Жакын арада министрлер, ар кандай кызматтык тепкичте турган жетекчилер темир
тор артына сапар алат экен. Президенттин колундагы 35 адам коррупционердин тизмесинде болсо,
учурда ал тизме 100 адамга чукулдап калыптыр. Эгер, президент Сооронбай Жээнбеков
коррупционерлердин тизмесин түзбөгөндө “кансоргучтар” жүрө бермек экен.
Ошол жашынып жаткандардын бири боюнча азырынча кыскача маалымат берели. Азыркы убакта
билим берүү тармагында жетекчилик кызматта олтурган аткаминердин кантип байыганы боюнча  маалымат билинип жатат. Бизге аткан маалымат боюнча, ал аткаминер студенттерден канчадан,
кандай жол менен акча чогултканы, китеп басып чыгаруудан кантип акча жасап жатканы боюнча
далилдүү документтин алып келмей болду. Биздин колго документи тийгенден кийин аты-жөнүн
жарыя кылууну туура көрдүк. Ошондой эле, ал аткаминер кызматка келгенине аз эле убакыт болсо да, Россиянын борбору Москва шаарынын чак ортосунан бир миллион канча бир жүз миң долларга үй сатып алганын да кошумчалады.

Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу