Москвада Кыргыз кызына тийишкен тажикти Кыргыз бала сабап салган

Россиянын Москва шаарында иштеген Кыргыз кызына Тажик жигити тийишкен. Ал эми
кыз Тажик жигитин кагып койгондон кийин, кызды уят сөздөр менен сөгүп баштаган.
Аны көрүп калган Кыргыз жигити тажик жаранын сабап салган. Бул тууралуу Москвада
эмгектенип жүргөн мекендешибиз Курманбек Каралбаев билдирди.

“Жумушта Азим деген Баткендик бала бар. Азамат, ичим жылып калды бир окуядан кийин. Бирге
иштеген тажик бала Асел деген Нарындык кызга тийишип белинен кармай койгонбу же колунан
кармай койгонбу иши кылса Асел аябай урушуп, акыркы орусча сөздөр менен тилдептир ачууланып.
Мен заказда элем. Тиги тажик дагы Аселди катуу сөгүп салыптыр… Азим угуп калып эле тиги тажикти
ошол жерден уруп “Мен сага көрсөтөм ким экенин” деп эшикке сүйрөп түзүк эле токмоктоптур элдер
ажыраткыча.
Асел Азимдин сүйгөнү деле болбойт, тууганы да эмес, Нарындык да эмес, Баткенден. Болгону
кыргыз… Кыргыз экени башка улуттагы бирок кыргыз кызын сөгүп атканына намысы чыдабады.
Эртеси сурасам: Ээ байке-дейт, карап турсам менин көзүмчө эле жаман сөздөр менен сөгүп атат.
Чыдай албадым байке. Унчукпай басып кетип, кийин Аселдин жүзүнө кантип карамакмын. Дагы
ажыратып калышты болбосо 10 тишин колуна салып берет элем.
Асан деген Ноокаттык бала бар спортсмен. Ал айтат, мен да заказда элем да болбосо 1 ай такай суюк
тамак иче турган кылат элем муну-деп.
Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес. Патриот жаштарыбыз бар. Мындай балдар бар экен кыргыз кыздар
бөтөн жерде, башка улутка кор болбойт.
Азимге мурункудан да сыйым ашты. Асел болсо иштеп жүрөт… Тиги тажик Аселге тийишмек турсун,
үч айланып өтө турган болуп калды, -деп билдирди Курманбек Каралбаев.
Бөтөн эл, бөтөн жерде эмгектенген мекендештерибиз арбын. Бирок бөтөн жерде бири-бирин алдап,
тоноп кеткен мекендештерибиз жок эмес. Ал эми жогоруда айтылган окуядан соң, кыргыз кыздары
үчүн күйгөн жигиттерибиз бар экендиги бизди сүйүндүрүп эле тим болбой, жакшы ишенич
тартуулашты. Мына ушундай жигиттерибиз көбөйө берүүсүн тилейли.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу