Москвада кыргызстандык жаранды бычак менен сайып кеткен

Москвада кыргызстандык жаранды бычак менен сайып кеткен. Бул тууралуу «Москва» агенттиги жазып чыкты.
Маалыматта, 20-ноябрда кечинде «Азовский» соода түйүнүнүн жанында өтүп бара жаткан адамдар 18 жаштагы Кыргызстандын жараны жатканын көрүшкөн. Жерде жаткан адамды больницага алып барганда, денесине бычактан сайылганы аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү деп 3 адамдын үстүнөн текшерүү иши башталганы айтылат.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу