МОСКВАДА ИШТЕП, БИШКЕКТЕН ТАМ АЛГЫҢ КЕЛЕБИ?

«Өрдөк өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө»-дегендей миллиондогон улан-кыздарыбыз чет өлкөлөрдө кара жумушта кара жанын карч уруп эмгектенип, жумуштун оордугуна карабай тыным албай иштеп, ар кимиси алына жараша өз мекени-Кыргызстанга ири суммада инвестиция алып келип жатканы баарыбызга маалым. Алардын арасында үзүрлүү эмгектенип, үлкөн ийгиликке жетишкендери да арбын. Мына ошондой ак эмгеги менен ийгилик жаратып эл кызматын аркалаган кызыбыз Россиянын Москва шаарындагы «Паритет» көп тармактуу маалымат борборунун башкы директору Каимова Нургүл Каныбековнаны баарлашууга чакырдык.

Маектеш жөнүндө маалымат: Каимова Нургүл Каныбековна.

Улуту. Кыргыз Рспубликасынын жараны.

Билими жогорку.

Үй-бүлөлүү. Ислам, Идрис, Аяна атту эки уул, бир кыздын апасы.

Учурда өмүрлүк жолдошу Жолборсов Нурлан Токтогулович менен бирдикте Россия Федарациясынын борбору Москва шаарында мекендештерине ар тараптан тейлөө көрсөтүп, кыргыз элине кызмат өтөп келүүдө.

-Нургул Каныбековна «Паритет» көп тармактуу маалымат борборун уюштуруу идеясы эмнеден келип чыкты?

-Мен 2003-жылы окуу жайды аяктап, жумуш издеп көпчүлүк катары Москвага келдим. Алгач ар тармакта иштедим. Орус мектепти бүтүргөндүгүмө байланыштуу Москвада көп кыйналган жокмун. Бош убактымда курбу кыздарыма жардамдашып, жашаганга квартира таап берип, жумуш тапканга жол көрсөтүп жүрдүм. Анан, 6 кыргыз жараны биригип 2006-жылы офис ачып, Кыргызстандан Москвага  иштегени келген кыргыздарга убактылуу жашаганга квартира таап берүү кызматына бейрасмий кириштик. Биздин көрсөткөн кызматыбыздан пайдаланган эки тарап тен (квартира берген орус жарандары да, убактылуу жашаганга квартира алган кыргыздар да) ыраазычылыгын билдирип кызмат акыбызды төлөп бере баштады. Ошентип мекендештерибизди убактылуу квартира менен камсыздап 2011-жылга чейин иштедик. 2011-жылдан баштап ООО «Паритет» деп расмий каттоодон өтүп, мекендештерибизди квартира менен камсыздоодон сырткары да кошумча кызматтарды көрсөтүүнү чечтик.

-Кандай кошумча кызматтарды көрсөтүп жатасыздар?

-Юридикалык, билим берүү, медициналык, кыргызстандын азык-түлүгү менен камсыздоо жана жургүнчүлөрдү тейлөө кызматтарын кошумча киргиздик. Башка мамлекетке келген жарандарыбыз Россиянын мыйзамдарын толук билбегендиктен укук-милдеттерин билүүгө муктаж болгон учурлар көп кездешет экен. Ошондуктан юридикалык кызмат көрсөтүүнү колго алдык. Ата-энеси кыргыз жараны болгон Россиядагы мектеп окуучуларыбыз РФнын билим берүү мыйзамына ылайык тест тапшырып, жеткиликтүү балл алса, анда ал окуучуларыбыз 9-11класстын базасында РФнын жогорку окуу жайларынын, колледждеринин бюджеттик бөлүмдөрүндө окуп билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бугун биз РФнын төрт колледжи менен келишим түзүп, окуучуларыбызды окууга киргизип жатабыз. Кыргыз жарандары РФнын ДМСи (добровольный медицинская страхования) менен ыктыярдуу келишим түзгөн кыргыз жараны каза болуп калса 200 000 (эки жүз миң) рубль өлчөмүндө акча каражатын ДМС көзү өткөн адамдын жакындарына төлөп бергенге милдеттүү. Мындай маалыматтар тилекке каршы кыргыз жарандарына толук жетпей келүүдө. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү тейлеген АВИА кассаларыбыз ийгиликтуу иштеп жатат. Эки жыл болду 2 жылдан бери сатуу жана сатып алуу бөлүмүн ачтык. Анткени Россияда иштеген адамдардын көпчүлүгү Кыргызстандан турак жай сатып алууну көздөшөт. Кыргызстандын «KG групп», «Про групп», «Памир строй», Москвада үй куруп жаткан мекендештерибиздин «My haus» деген курулуш компанияларынын заманбап долбоорлору менен, Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларында, РФнын Москва шаарында курулуп жаткан квартираларын жеңилдетилген жолдор менен сатууга жана сатып алууга кызмат көрсөтүп келүүдөбүз. Москва шаарынын, Москва облусунун аймагынан квартираларды, турак жай курууга жер тилкелерин, дачаларды сатып алуучу кыргыз жарандарына жол көрсөтүп жардам берип жатабыз.

— Москва шаарынын, Москва облусунун аймагынан квартираларды, турак жай курууга жер тилкелерин, Дачаларды сатып алуучу кыргыз жарандарына кандай жеңилдиктер бар?

-Россияда бала төрөлгөндө «Материнский капитал»-деп акча каражатынын сертификатын берет. 1 балага 100 000 рубль, 2 балага 300 000 рубльге жакын, 3 балалуу болгондо 480 000 мин рубль акча каражатынын сертификатын берет. Ал акчаны накталай акчага айландыруу үчүн турак жайынын шартын жакшыртуу багытында, баланын билим алуусуна же баланын өзүнүн атына банктык эсеп ачып ошол эсепке которуп, накталай акчага өткөрүп, туулган бала өзү 18ге толгондо алса болот. Ошондуктан, бизге кайрылган мекендештерибиздин расмий иштеген жеринен справка алып, анан ипотекалык жол менен Москва шаарынын, Москва облусунун аймагынан квартираларды, турак жай курууга жер тилкелерин, дачаларды сатып алуу үчүн «Материнский капиталдан» берилген сертификатты баштапкы взнос катары 40% төлөмдүн ордуна берип, негизги баанын калган 60%ын 25-30 жылдын аралыгында төгүп берсе болот. Көбүнчө кыргыз жарандары «Материнский капиталды» 40% баштапкы взностун ордуна төгүп, ипотекалык жол менен турак жай алып жатышат.

-«Паритет» 6 жылдын аралыгында көп тармактуу ишканага айланган экен.

-Ооба, ошондуктан «Многофункциональный информационный центр ООО «Паритет»-деп кайрадан каттоодон өткөнбүз. Учурда мекендештерибизге 22 багытта тейлөө көрсөтүп жатабыз. Москвадагы жердештерибиздин ишеничин актап, ак кызмат өтөгөнүбүздөн улам кулачыбыз жайылып Москва шаарында 4 жерге (ВДНХ, Димитрьевская, Волгоградская, Борисова метро станцияларында) офис ачып 45 адам иштеп жатабыз. Бир жылда 600дон 1000 адамга чейин мекендештерибизге ар тараптан тейлөө көрсөтүүдөбуз.

-Нургул Каныбековна, бул ийгиликтерңиз үчүн кимге ыраазычылык билдиресиз? Москва шаарында 45 адамга жумуш ордун түзүп берүү ар бир адамдын колунан келе бербейт. Алдыда дагы кандай пландарыныз бар?

-Мен эн алгач ата-энеме терең ыраазычылык билдирем. Бейиши болгур атам Каимов Каныбек өмүр бою ОшМУда машыктыруучу болуп иштеди. Өзү жеңил атлетикадан СССРдин спорт чебери эле. Апам Каимова Жериш да пенсияга чыкканга чейин бир бала бакчада тарбиячы болуп иштеди. Мени орус класска окутуп, андан жогорку билимге ээ кылган ата энеме эки дүйнө ыраазымын. Анан албетте жеңилимди-жерден, оорумду колдон алган жолдошум Нурланга ырахмат айтам. Ал эми алдыдагы пландарыбызды айтсам: «Паритет» көп тармактуу маалымат борборунун филиалын чукул арада Кыргызстанга ачууну ниеттенип жатабыз. Буюруса Кыргызстанда да аз убакыт аралыгында калктын кызматында болобуз…

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу