22-июнда Москва шаарындагы “Бейрут” кафесинде кыргызстандык кызды мекендеши бычактап салган. Бул маалымат ММКЛарга чыгары менен 22-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери окуя болгон жерге барган. Каза болгон кыз 1986-жылы туулган С.Г. экени белгилүү болгон. Ал мекендешинин колунан каза тапкан.
Кылмышка шектелип Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну кармалган.
“Элчилик маркумдун туугандары менен байланышты. Кыздын сөөгү 24-июнда мекенине жөнөтүлөт”,-деп жазылат маалыматта.
Булак: Каганат