Москвадагы эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан бир киши катышууда

Азыркы тапта 30дан ашуун мамлекеттен келген каарылар ат салышып жатат.

Москва шаарында өтүп жаткан XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Шергазы Жалил уулу катышууда. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Азыркы тапта 30дан ашуун мамлекеттен келген каарылар Куранды жатка билүү боюнча ат салышып жатканы айтылат. Жеңүүчүлөр «Хафиз» наамына ээ болушмакчы.

Жарыштын финалы 21-октябрда Москва шаарындагы концерттик залдардын биринде өтөт. Анда көрүүчүлөр Россия муфтийлер кеңеши тарабынан чакырылган «Афганистандын алтын үнү» Абдуль-Кабир Хайдари, ыйык Харам мечитинин имамы Шейх Хасан Бухари жана белгилүү каары шейх Амир аль-Мухальхаль сыяктуу дүйнөгө белгилүү хафиздердин Куран окууларына күбө болмокчу.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу