МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗ КЫЗДАР КҮЙҮП КЕТКЕН БАСМАКАНАНЫН ЖЕТЕКЧИСИНЕ ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Москвада кыргызстандыктардын өмүрүн алган басмаканадагы өрт боюнча соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдирди.

Маалыматка ылайык, «Печатный экспресс» басмаканасынын жетекчиси Сергей Москвин 2,5, ал эми башкы инженери  Антон Яцков 3,5  жылга колонияга кесилди.

Басмакана жетекчиси Сергей Москвинге карата “өт коопсуздугун сактоо эрежелерин бузуу” беренеси менен ал эми инженер Антон Яцковго карата “Мыйзамсыз миграция уюштурган” делинип кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 27-августта Москванын «Печатный экспресс» басмаканасынын имаратында өрт чыгып, ал 17 кишинин өмүрүн алган. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер  болгон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу