Момбеков 25 миң сом айыпка жыгылды

Азыркы кездеги эл урматтаган, калк кадырлаган бирден-бир көзгө басар саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков экени талашсыз чындык. Коомдо аброю бийик, саясий рейтинги жогору экенин ар бир сурамжылоодо тизменин сап башында турганы менен билсе болот. Акыйкатты, чындыкты түз айтып, калыс позицияны карманган адилдиги элдин урматтоосуна арзыды. Албетте, ташы өйдө кулаган сайын көрө албай бут тоскондор ар бийликте болот тура. Мына мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин мурдагы башчысы Бакыт Шаршембиевге карата тогуз кылмыш иши бардыгын айтып койгону үчүн айыптуу деп табылып, Сокулук районунун соту 25 миң сом айыпка жыкты. Эми бул кызылдай эле жогору жактан түшкөн басымдын натыйжасы. УКМК, Башкы прокуратура, Финполиция берген маалыматтарды айтып койгону үчүн Шаршембиевдин кадырыма, ишкердик беделиме зыян келтирилди деп сотко берген доосун канааттандырып, Момбековду күнөөкөр кылуу бийликтин ишараты менен ишке ашканын баамдоо кыйын эмес.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу