Момбеков: “Коопсуз шаар” үчүн жооптуу адамдын тогуз кылмыш иши бар

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу адам бир нече кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыкты:

— Мекеменин башчысын ушул жерге премьер-министр алып келгенде “Беш кылмыш иши бар кишини ушул жерге дайындап жатасыз. Кооптуу кызматка жооптуу эмес адамды дайындап жатасыз” деп айттым эле. Ошондо өкмөт башчы “Жок, бул ушак” деген. Мен азыр маалымат алдым – Бакыт Шаршембиевдин тогуз кылмыш иши бар экен. Жакында өкмөт башчыга да, өлкө башчыга да ошол козголгон кылмыш иштер тууралуу маалымат берем.

Жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун кыргыз өкмөтү убада кылып келе жатканына 5-6 жыл болуп калды. Аны ишке ашыра турган инвесторду тандоо сынагы 6-7 жолу өткөрүлүп, баары тең үзгүлтүккө учурады.

Депутат Момбековдун бүгүнкү айыптоосуна Шаршембиев азырынча жооп бере элек.

Бирок 22-августта “Азаттыкка” маек курганда Шаршембиев санарипке өтүү долбооруна байланыштуу эки кылмыш иши ачылганын ырастаган, бирок “Козголгон иштердин мага тиешеси жок, мен күбө катары өтүп жатам. Түзмө-түз тиешем жок” деп айткан.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу