Момбековду канча жазсаң да моокумуң канбайт да-а…

Парламенттеги Кожобек Рыспаевден кийинки оргу-баргы, ак көңүл Рыскелди Момбековдун эриктирбей турган жоруктарын билесиңер да. Талуу маселелер каралып жатса да бийлик жетекчилерин чолоо жерин калтырбай “аймалап”, маанисиз төкмөлүгүн карматып, трибунаны “титиретет”. Элдин үнүн айткандын ордуна жарашпаган жамагын айтып (“т” тамгасын алып салсаң “б” болот сындуу жаңыдан арип таанып, эжелеп окуп келе жаткан баланын образын жаратып), убакытты алганычы? Эл өкүлү болгон соң орчундуу көйгөйлөрдү парламент трибунасынан тизмектеп, орундуу сөздөн сүйлөбөйбү? Кайдагы бир жасалма жамакчы сымал, оргу-баргы ар нерселерди бабырабай? Азыр трибунадан депутаттардын жамагын укчу мезгилби? Айрым эл өкүлдөрү тамаша-чынга салып, өз ара “бу кесиптеш кабинетинен шакирттерин бир маал чакырып, карта ойнобой калса ушинтип калмайы бар, туура түшүнүш керек” деп калгандарын кайда катабыз? Бу киши илгеркиче “Форумдун” имаратында жүрбөгөн соң, омбу-домбу жүрүш салбай, парламенттен маанисиз, жармач жамак айтпай тек жүрбөйбү ыя?

Булак:аsianews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу