Молдомуса Конгайтиев саунада эс алып…

Интернет булактарында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин
саунада эс алып майрамдап отурган видеосу тарап, коомчулукта кызуу талкууланууда.
Көпчүлүктүн бүгүнкү күнгө чейин Конгантиевдин Курманбек Бакиевдин бийлигин
коргойм деп, 2010-жылдын 6-апрелинде Таласка спецназдын отряддары менен барып,
таластыктардын эркин сындырмакчы болгон максаты ишке ашпай, катуу токмок жеп,
натыйжада элден алган жазасына байланыштуу 7-апрелден кийинки соттук иштерден
кутулганына ичтери чыкпай келет. Бакиевдердин жактоочулары болсо азыркы тапта да
Молдомусаны Талас эли «элди күч менен басууга Бакиев жиберди беле» деп кысымга
алганда, «өлкө жетекчилери» деп атын атабай койгонун эрдик катары эсептеп, даңазалап
келишет.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу