«Мойнунан байлаткан ит ууга жарабайт»

Бийликте турганда гана дымагы болуп, оппозицияга өткөндө ындыны өчкөн Фарид Ниязов адатынча Алмазбек Атамбаевге башталган маалыматтык чабуулга туруштук бербей, уттуруп жибергени ачыкталып калды. «Мойнунан байлаткан ит ууга жарабайт» дегендей, «эптеп эле күн өтсө, айлыгымды алып турсам болду» деген ишарат менен саясый күрөштө кантип салгылашсын? Бир эсе Ниязов «кетип калайын» десе, бул бийликке батпайт, жөнсалды бош жүрүүгө мойну жар бербейт. Айтор, эки ортодо эзилип жүргөнү бизге даана көрүнүүдө. Атамбаев башынан буга ишенип алып, ортодон бир топ жоготууларга, караланууга да тушукту. Сыягы, жакында «Форумда» саясый-идеологиялык иштерди тескеген пиар-менеджер катары жаңы демилгелерди баштаган фигуранын келиши кутулуп атыптыр. Ал ким болду экен, ыя?

Кубат Карачев

Булак: «Азия Ньюс» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу