Модин менен Маевский 2010-жылы кимдин кабинетине кирген?

Саясий өч алуунун айынан камакта олтурган Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги маанилүү жагдайлардын дагы бири бул азыркы Өкмөт үйүндөгү 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары отурган кабинет. Ал кабинет кимге тиешелүү болгон?  Убактылуу Өкмөттүн Биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн орун басары Өмүрбек Текебаевдин кабинетинин айырмасы кандай болгон?Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек Текебаев жана Чотоновдун бул суроолорго ачык жооп алалы деген өтүнүчүн канааттандырбай келди?

Александр Модин менен Леонид Маевский “2010-жылы 13-майда Текебаевдин кабинетине кирип жолуктук”-деп билдиришкен. Бирок, алар кирген кабинеттин сыртында “Биринчи орун басары”-деп жазылуу болчу дешти. Демек, алардын айтымында Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кабинетине киришкен.

Экинчиден, 2017-жылдын февраль айында Текебаев жана Чотонов камака алынганда тергөөчүлөр Модинди күбө катары 2010-жылы 13-майда кирген кабинетиңди көрсөтүп бер деп Өкмөт үйүнө алып барышкан. Модин түз эле ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кабинетине алып барган. Бул тергөө ишинин жүрүшүн видео жазууга тартып калышкан жана ал интернетке жарыяланып коомчулук өз көзү менен көрдү.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бир ооздон бул Модин көрсөткөн кабинетте 2010-жылы Алмазбек Атамбаев отурганын көрсөтмөдө айтып беришти.

Текебаев жана Чотонов жана анын жактоочулары соттордон азыркы Өкмөт үйүнүн имаратынын 2010-жылдагы планын схема түрүндө алалы деп өтүнүч келтирди. Бирок, соттор ал схеманы тергөө ишине кошуудан баш тартышты.

Сиздерге соттогу күбөлөрдүн айрымдарынын көрсөтмөсүн сунуштайбыз.

2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн аппарат башчысы жана ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын аппарат башчысы кызматында иштеген Эмилбек Каптагаев Александр Модин кабинеттен гана эмес ал имаратка кирген эшиктен дагы адашканын билдирген.

2010-жылы Өкмөт үйүнүн алдында көп митингдер болгондугуна байланыштуу имаратка кире турган башкы эшик жабык болчу. Батыш жана чыгыш тараптагы эшик аркылуу кирүүгө мүмкүн болчу. Бирок, Модин башкы эшиктен киргем деп айтып жатат. Башкы эшик дайым жабык болчу. Андан сырткары Текебаевдин деп башка бир кабинетти көрсөттү. Модин көрсөткөн кабинетте Алмабек Атамбаев отурган. — деди Каптагаев.

 

2010-жылы Өмүрбек Текебаевдин жардамчысы болуп иштеген экс-депутат Жоомарт Сапарбаев дагы бул маселе боюнча көрсөтмө берди.

-Текебаевгежолугушуугакелген ар бирадам мен аркылуужолукчу. Менин эс тутумумжакшы. Модин да, Маевский да ишбөлмөгөкелсетааныпкалмакмын. Бирок мен алардыТекебаевдинжардамчысыболупиштепжүргөндөбир да жолукөргөнэмесмин. Интернеттеги видеодо Модин көрсөткөн кабинетте 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн биринчи орун басарыАлмазбек Шаршенович отурган. — дейт Сапарбаев.

 

Элмира Ибраимова, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү:

-2010-жылы 13-май күнү биз Убактылуу Өкмөт чогулуп Ош, Жалалабад облустарындагы маселени талкуулаганбыз. Өмүрбек Чиркешович жыйынга толук катышкан. Ал эми видеодо Текебаевдики деп Модин көрсөткөн кабинет менимче Атамбаевдики болчу. Бирок, Текебаевдики эмес.

Өкмөт үйүнүн схемасын сунуштайбыз;

Жакшылык Бердибек уулу, журналист.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу