Модель Жибек Нукеева дүйнө салды

Жибек Нукеева былтыркы жылдын акыркы айларынан бери рак илдети менен күрөшүп келген.

«Кыргызстан чүрөгү — 2013» наамынын ээси Жибек Нукеева узак убакка созулган оорудан улам көз жумгандыгын коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

«Тынч жат, Жибек! Бүгүн Жибек Нукеева дүйнө салды. Экөөбүз таанышкан күндөн тарта мен анын жумшак мүнөзүн жана жаркындыгын баалачумун. Бул биз үчүн орду толгус жоготуу», — деп жазды Молдокматова.

Эске салсак, Жибек Нукееванын оорусу тууралуу суук кабар өткөн жылдын аягында социалдык тармактарда тараган. Жибек өзү Facebook баракчасы аркылуу элден жардам сурап кайрылган.
Жибек шоу-бизнес өкүлдөрү, ишкерлер жана карапайым кыргызстандыктар тарабынан кайрымдуулук жолу менен чогулган каражатка Италия, Израиль жана Түркиянын клиникаларына барып дарыланып келген.

Өткөн айдын аягында Sputnik Кыргызстан агенттигине эжеси Медина Нукеева Жибек өз өмүрү үчүн күрөшүп, шишикке каршы күчтүү дарыларды ичип, химия терапиядан өтүп жатканын билдирген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу