Миңдеген адам митинге чыгат…

Текебаев менен Садыр Жапаровдун камактан чыкпай жатышына нааразы болгон тарапкерлери,  10миң деген адамдар катышкан митинг болорун айта баштаны бир топ болду. Бул 23-апрелге белгиленген. Күн өткөн сайын бул дата деле жакындаган жакындап келет. Албетте даярдыктар ошого жараша ыкчамдап жатканы белгилүү. Ата-мекен партиясынын белдүү мүчөлөрүнүн бири парламенттеги фракция жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун “Марал” радиосундагы түз эфиринде пландалган митинг кандай гана болбосун өтөт деп так кесе билдирди. Анткени буга Бишкек шаарынын жетекчиси Суракматов,  «азырынча митингдерди токтото турбайлыбы?»дегендей сунуш кылган экен. Бул митинге камактагы Садыр Жапаровдун тарапкерлери дагы кошулаары маалым болгон. Бул митинге жеке эле борбор шаарынын тургандары эле эмес, өлкөнүн ар кайсы аймагынан өкүлдөр келээри маалым болууда. Мындай саясий ишчарага бийлик кандай реакция жасаары тууралуу маалымат деле бериле элек. Айрым аналитиктер бийлик дал ошол күнгө белгиленген сот процесси  аталган саясий туткундарды актап жибериши мүмкүн деген ойду айтышууда. Эгерде антпесе ансыз деле акыркы мезгилде курчуп бараткан саясий кырдаал көзөмөлдөн дагы чыгып кетиши мүмкүн дешүүдө. Албетте бул маселенин чечилиши эки тарап үчүн тең оңой менен чечилбей турган татаалдыкты жаратышы мүмкүн.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу