Митинг болбойт, 2-аялым жок! Чубак ажы Жалилов өзү кабылган абал боюнча түшүндүрмө берди

Чубак ажы Жалилов өзү кабылган абалы боюнча түшүндүрмө берди. Пикирин ал Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазган. Айтымында аны коргоо максатында уюштурулуп жаткан митингке эч кандай тиешеси жок.

“Бул сыяктуу элди дүрбөткөн, чагымчыл аракеттерди мен колдобоймун жана чын жүрөгүмдөн жектеймин. Бардык маселелер укук талаасында чечилүүсүн туура деп эсептеймин”, — дейт ажы.

Ошондой эле укук коргоо органдарындагы сурак жөнүндө жазган.

“Менин үстүмдөн жазылган арыздын негизинде, атайын тараптар мени менен аңгемелешүү өткөргөндүгү чындык. Бирок, ал жерде менин, же менин үй-бүлөмдүн ар намысына доо кетире турган туура эмес аракеттер болгон жок. Урмат-сыйдын, адамкерчиликтин жана мыйзамдын негизинде гана болгондугун баса белгилегим келет. Ал жерде узак сааттар бою, суу ичпестен кармап олтурушту деген кеп чындыкка коошпойт”, — дейт Ч. Жалилов.

Ошондой эле  кош аялдуулук жөнүндө мыйзамдан кеп салган.

“Кылмыш жаза кодексинин, 153-статьясында кош аялдуулук боюнча айтылган “эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаган учур” менин жашоомдо орун албагандыктан, бул мыйзам аркылуу мен күнөөкөр эмес экенимди дагы да дааналап билдим. Мыйзамдын тили менен айтканда эки же андан ашык аялдар бир үйдө чогуу жашашса, же чогуу чарба жүрүзүшсө, же чогуу оокат күтүшсө гана көп аялдуулук деп саналат экен. Чогуу жашаган күндө да, эки аялдын бири арыз жазганда ага маани берилет экен. Же экинчи аялга ЗАГСтан нике кагазын алганда эсептелет экен. Андай болбогон учурда мыйзам тилинде экинчи аял деп айтылбастан, башка терминди колдонушат экен. Аны айтуу бир аз ыңгайсыздыкка дуушар кылат”, — деп билдирет ажы аке.

Андан ары, Сүймөнкул Чокморовдун да экинчи жубайы болгонун, ал аны менен дээрлик 17 жыл чогуу жшаганын мисал келтирген.

“Таланттуу сүрөтчү, залкар актер жана эң мыкты эркек, өз жүзү аркылуу бүтүндөй кыргыздын жүзүн көрсөткөн улуу инсан Сүймөнкүл Чокморов агабыздын да расмий каттоодо турбаса да, 17 жыл бирге жашаган Нуржан Кожомкулова эжебизден Эргул менен Азамат аттуу уулу болсо, расмий байбичеси Салима эжекебизден Бактыгул уулунун бар экендигин билебиз. Нуржан эжекебизди “мыйзам” аялы деп тааныбаса да, Кудай алдында алардын жүзү жарык. Эч бир күнөө иш кылышкан жок деп терең ишенемин.

Балдарымдын энеси, менин сүйүктүү жубайым, расмий түрдө мыйзам менин жубайым деп тааныган Гүлнур айымдын ден соолугу жакшы, интернет булактарындагы “ал кишинин ооруп, ооруканага түшүп калган” деген кеп чындыкка туура келбейт”, — дейт Жалилов.

Андан ары жашоосундагы маанилүү 3 аялды белгилеп өткөн.

“Менин жашоомдо эң зор мааниге ээ болгон үч аял бар. Алгачкысы, менин чоң энем Уруяткан. Алгач келиме айтканды үйрөтүп, Кудайды таанытып, тамга тааныгандан баштап “Манас” окуттуруп угуп, дүйнө таанымымды “Манас” менен оозанткан, кыргыз нарк насилин өзүнүн жомоктору, кошоктору, куюлуштуруп айткан макал-лакаптары менен сиңдирген залкар эне.

Экинчиси, мени тууп-өстүргөн, тарбиялаган кадырман апам Гүлжамал эжекей! Үй-бүлөнүн кутун сактап, күйөөнүн кадырын ордуна коюп, аруулук менен тазалыктын үлгүсүн көрсөткөн улуу аял. Барга-жокко мунканбаган, кызмат кылгандан талбаган, эч кимге бейчеки таарынбаган мээрман эне.

Үчүнчүсү, жакамды агартып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, менин калыптануума себеп болгон жароокер зат Гүлнур айым. Хадижа энекебиздин ордун Пайгамбарыбыз үчүн эч ким толтура албагандай эле, Гүлнур айымдын ордун, макамын, даражасын эч ким толтура албайт, ага тең келе албайт. Ага болгон урматым, сүйүүм ордунда, чексиз”, — деп жазат Чубак ажы.

Акырында Ушак айтуу, жалгандан маалымат таратуу, үй-бүлөлөрду ажыратууга аракеттерди кылуу, ички иштерге кийлигишүү, гыйбат сүйлөө арам иш экенин эскертет.

Булак: 5news.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу