Митингде кармалгандарга айыппулду милиция жетекчиси салды

Январдын башында күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндөгү кодекске ылайык, Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы 17-январдагы митинг учурунда кармалгандарга айыппулду милиция башчысы салды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, аталган кодексте айыппулду ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси аныктай турганы камтылган.

Митингде кармалган 21 жарандын баары мыйзамда жазылгандай үч сааттан кийин «коомдук тартипти бузду» деген негизде 3000 сомдон айыппул салынып, кое берилген. Эми алар айыппулду бир ай ичинде төлөшү керек. Эгер аны белгиленген мөөнөттө төлөшпөсө, алардын иши сотто каралат.

17-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен митинг өткөрүшкөн. Күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңден ашык киши келгенин айтууда.

Акцияга чыккандарды таратуу учурунда милиция кызматкерлери 21 жаранды кармап, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен.

Эртең мененки саат 10до башталган митингге чыккандар кечки саат бешке жакын тараган.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы кысым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу