Митингдерге тыюу салуу мыйзамсыз

Акыйкатчы Кубат Оторбаев митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынышын мыйзамсыз
деп эсептейт. Акыйкатчы белгилегендей, бул Конституциядагы эң негизги укуктарды
бузуу болуп эсептелет. Бул туурасында ал: «Албетте, бул туура эмес кадам. Мурдагы
бийликтердин кадамдарын зеке салат. Сөз эркиндиги менен катар, жыйындар эркиндиги
адамдын негизги фундаменталдуу укуктарынын бири болуп эсептелет», -деп билдирди.
Эске сала кетсек, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 27-июлдан 20-октябрга
чейин Ала-Too аянтында, Ак үй, Өкмөт үйү жана Боршайкомдун алдында расмий
маданий-массалык иш-чаралардан башка акцияларды, жыйындарды өткөрүүгө уруксат
жок.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу