Мискенбаев «Мегакомдон» 2 миң доллар алганы үчүн АШАнын колундагы «үргүчү» болуп жүрөбү?

Көчөдө жүргөн жеринен эле 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келе калган Мээрбек Мискенбаев акчанын айынан АШАнын колундагы «аф-аф» деп туруучу жаныбарга айланып калганын эми-эми байкай баштады окшойт. Оңой акча табуу менен жашоо тынч болбой турганын, популизм менен таанылуу аркылуу кадыр-барк күтө албасын кеч болсо түшүнүп калгысы бардыр деп турабыз.

Ал буга чейин Апрель окуясын жана Аксы окуясын эскерүү боюнча иш-чара өткөрүп, анда мамлекет башчысынын иниси А. Жээнбековдун мандатын тапшыруусун талап кылып чыккан. Кийин ошол эле талапты АША өзү да айтып чыкты. Мындан улам Мээрбек АШАнын колундагы куралга айланып калганын коомчулук байкаган.

Көрсө, анын мындай куралга айланып калганынын сыры «Мегаком» компаниясынан алып аткан ири суммадагы айлыгы экенин айтып чыккандар болгон. Бул маалымат боюнча Мискенбаев өзү: «Мен «Мегакомдон» болгону 30 миң сом алам, аны да дардалаңдап кетип ар кимге таратып берип коюп, өзүм акчасы жок калам», — деп маалымат булактарынын бирине маек берип чыкканы эсибизде.

Көрсө, мунусу да карандай калп экен. Биздин колубузга ишенимдүү булактардан тийген документке таянсак, М. Мискенбаев «Альфа Телеком» ЖАКсынын генералдык директорунун кеңешчиси кызматын ээлеп, ал үчүн айына 2 миң доллар айлык акы алат экен. Аны сомго айлантсак 136 миң сомдон ашуун акча болот. Демек, Мискенбаев ошондо «Мегакомдон» качан акча ала турганын да элден жашырып, «болгону 30 миң алам» деп алдап атканы болобу?

Ал эми 136 миң сом деген Кыргызстандын шартында аябай чоң айлык акы болуп саналат. Бел оорутуп, кол жоорутпастан эле ошончо акчаны алып атканы үчүн Мискенбаев АШАнын көзүнүн кареги менен тең айланып, анын айта турган сөздөрүн алдын-ала коомчулукка алып чыгып аткан турбайбы деп тыянак чыгарууга толук негиз бар.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу