Мискенбаевдин мээсин сары суу басып кеткенби?

«Эшегине жараша тушагы» деген сөз бекер айтылган эмес экен. Учурда Алмазбек Атамбаевдин жанында калган эки караандын бирөөсү — экс-депутат, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мурдагы жетекчиси Мээрбек Мискенбаевдин сүйлөгөн сөздөрүн, ой-жүгүртүүлөрүн анализдеп көрсөк, Атамбаевдин деңгээли кандай экени билинип калууда. Тээ март айында А. Атамбаевдин «Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын» деген сөздү айт» деген тапшырмасын аткарып, «Форумдун» имаратынын алдында бир күпүлдөгөнүн билебиз. Кийин ошол эле сөздү Атамбаев өзү кайталап чыкты. Анан дагы «Мискенбаев менден мурун айтып койгон экен» деп Мээрбекти теңсинбегендей сүйлөп койгонун баарыбыз көргөнбүз. Ошондон кийин М. Мискенбаев «Мындан кийин эч кимдин заказын аткарбайм, өздөрү айт деп алып, кайра шылдыңдашат турбайбы» деп жүргөнүн укканбыз. Кыязы, ошол кезде ал АШАга таарынса керек. Бирок, жакында эле ал кайрадан экс-президенттин тапшырмасын аткарып чыкканына күбө болдук. «Азаттык» радиосуна келип маек куруп, анда президент С. Жээнбековго карата «Ал экс-президент А. Атамбаев менен 25 жылдан бери дос болуп жүргөн. Эгерде Атамбаев жаман болсо, анда ошондо айтпайбы: «Ээ досум, бул ишиң туура эмес» деп. Ошондо колдоп жүрбөдүбү. Иниси эки жолу спикер болду, өзү премьер-министр, андан кийин президент болду. Анан бүгүн эле космостон түшүп калгансып эле «коррупция көбөйүп кетиптир» дейт», — дептир ал маекте М. Мискенбаев. Биринчиден, президент С. Жээнбеков экс-президент А. Атамбаев ушул күнгө чейин «жаман» деп айталек. Экинчиден, А. Атамбаевдин убагында коррупция көбөйүп кеткени Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин өзүнөн өзү эле ачыкка чыгып калды. Аны президент С. Жээнбеков атайын жасаган жок. Ал болгону коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Бул талапты учурда коомчулук да колдоого алууда. Демек, коррупциянын гүлдөп кеткенин коомчулук да көрүп турган. Ошол эле маекте М. Мискенбаев: «Эгерде Сооронбай Шарипович коррупция менен чындап күрөшөм десе, өзүнүн иниси Асылбек Жээнбековду биринчи камашы керек. Себеби, ошол 386 млн доллар боюнча долбоорду жарым саатка жетпей, үч окуудан кабыл алып берди. Мына ошондон баштаса, мен ишенем, ошондо өзүм эле анын жанына барып отурганга даяр болом, күнөөм жок болсо да», — дейт М. Мискенбаев. Логиканы байкадыңызбы? Жок дегенде 11 жыл мектепти толук окуган окуучу да мындан тыңыраак ойлонот эле. Ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашыруунун планын, эсеп-кысабын өкмөт аныктай турганын баарыбыз билебиз. Себеби, өкмөт – бул аткаруучу орган. Ал эми Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган. Ошол 386 млн доллар кредит менен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча келишимдерди, сүйлөшүүлөрдү кимдер жүргүзгөнү депутаттык комиссиянын корутундусунда ачык айтылды. Эгерде ошол убакта өкмөттүн сунушун Жогорку Кеңеш кабыл албай койгондо, анда А. Атамбаев «мындай парламенттин барынан жогу, булар эл душмандары экен, кредит алгандан биз коркпошубуз керек» деп туруп таратып жибермек. Андыктан М. Мискенбаев кандайдыр бир пикир айтаардан мурун, терең ойлонуп, мыйзамга тууралап алса дурус болчудай болуп турат. Болбосо, тилинен жаңылган турбай турганын эскертип коюшубуз керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу