Мирлан Самыйкожо, акын: “Каапыр иий, каапыр! Тагдырыңа  эле нааразысың, таш жутуп алсапсып?!

Гезитибиздин өткөн санында акын Эрлан Жумагазиевдин маегин жарыяладык эле. Акындын ортого салган ойлору бир топ калемгерлерди уу-дуу кылып жибергендей. Социалдык тармактарда көпчүлүк калемгерлер өз оюн калтырып, талкуунун учугу али  түгөнө элек. Алардын арасында кыргызга төбөсү көрүнгөн акын Мирлан Самыйкожо да өз пикирин калтырган. Катарлаш өскөн калемдештердин гезитибизге жарыяланган маектен кийинки тамаша иретинде калтырган пикирлерин өзгөртүүсүз жарыялоону туура көрдүк. Эскерте кетсек, Эрлан Жумагазиев өткөн сандагы маегинде: “Биз Алтынбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожолор менен тең жүргөн калемдештербиз. Бирок бир таң калганым экөөнү элдин баары тааныйт. Мен кечелерге алардан көп барам, теле-радиого алардан көп чыгам. Бирок мени эл көп тааныбайт. Мунун сыры эмнеде деп ичимден көп толгоноор элем. Бир күнү айылга барып калсам атам: “Ээ, атаңдын оозун урайын, өзүңдүн арыз-арманыңды эле жаза бересиң. Мына, ыр дегенди момундай жазбайсыңбы?! Тетиги Исмаилов досуңдай жазбайсыңбы?!” – деп калды. Ии, ал эмне кылыптыр десем атам: “Тимеле Акаевди жер-жеберине жеткире сындап жатат го”, – дейт. Анан ошондо гана түшүндүм. Демек жамаатка (толпа) кыргыз өлдү, кыргыз житти деген сыяктуу, илгери совет маалында “Жашасын партия, садагаң кетейин Сталин” деген ырлар бар го, ошол сыяктуу ырларды  жазыш керек экен. Жөн эле өзүңдүн кайгыңды, кубанычыңды, арманыңды жазып жүрө берсең аны эл көп деле кабыл албайт экен”, – деген пикирин айткан.

–      Эрландын гезитке чыккан пиарын көрүп, окубай эле «жактыны» жана түштө эле басып койгом. Өксүгүр, өз арманын айтып бүткүс болду деп. Анан элдин баары эле «лайкылдатып» «миңге» жакын пикир жазып жатканынан жатып алып шашпай окусам, мен да бар экемин ырас, кудай жалгап. Өзү айткандай кечеден, кечеден кийинки фуршеттен, теледен, радиодон, гезиттен, гезитке чыкканын “Фейсбуктан” жарыялап, аш-тойдон да калбайт. Колунан пакет түшпөйт. Чын. Анан эле наалыйт, кара башың жегир, желмогуздай болуп. Бизди го айта берсин. Айтматов тирүү  болгондо аны деле айтмак дечи. Акмак и-и-и-й, атасын жинди ойлогонун карачы?! Каапыр иий, каапыр! Сен котур оорусу болгонуңда элдин баарына жугуп, кычышпаган жериң кычыштырып, со-о-онун котур болмоксуң эй. Ушу сени менден артык эч ким пиарлабайт, шүмшүк. Моюнуңа ал! Баскан-турган жеримде сенин ырларыңды өзүңдүн «керемет» үнүң менен окуп берип жүрөм го чиркин. Ошого да ыраазы болбойсуң, көзүңдөн чыккыр иий! Баягы өлгөн малдын этин ташыйм деген бизнесиңди кыла бер десем эле болмок экен. Эмдигиче өзүң кошо колбасныйга өтүп кетмек экенсиң. Алар дагы жуттан өлгөн малдар беле? Сен бир балекет элесиң. Баарын билесиң. Жөн эле өлүмүшсүң. Өлүмүштөнөм депжатып, өзүң кошо өрттөлүп кетейин дедиң го. Ыр-пырың менен кошо. Сага чыдаган ошол аяштарга рахмат! Ал күнөөсүн дагы моюнуна албай түртө салат. Түгөнгүр! Мен билгени, айылдык мектептен баштап борбордук гимназия, университет, гезит, журнал, ал тургай туалетный бумага чыгарган жерге чейин иштедиң го байболгур. Бай болсоң сен байымаксың биринчи. Ошончо жумуш өзгөрткөнүң менен оюңду өзгөртпөгөн өлөрман болдуң! Анан эле тагдырыңа нааразысың, таш жутуп алгансып. Бирок досум, сен элдин эсинде ушул жагың менен каласың. Эч кейибечи?! Мен сени бакма баламдай жакшы көрөм, билесиң. Мен жөнүндө дагы көп айта жүрчү суранайын. Сенин артың менен мени да коом таанысын. Бар бол, Төлөмүш досум.

Эрлан Жумагазиев, акын: “Садагаң кетейин, Самыйкожо досум, ар кимди чукулап жүрө берип  мен барган аш-тойдон кур калып жатпайсыңбы?”

– “Чын чычалайт, калп камырабайт”. Садагаң кетейин, Самыйкожо досум, ошентип менин өмүр тарыхымды изилдей жүр. Кийин “эме чукуган” китеп жазып калсаң кереги тиет. Ар кимдикин “чукулап” жүрө берип анан мен барган аш-тойдон кур калыпжатпайсыңбы? Бар бол, анан бай бол! Мен ушундаймын, чиновниктердин астында калп болсо да “виновник” болуп коём.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу