Мирлан Бакиров чиновниктен кечирим сурады. Видео

Вице-спикер Мирлан Бакиров орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовдон кечирим сурады.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, эл өкүлү Бакиров кечээ, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында болгон окуя тууралуу түшүндүрмө берди.

Вице-спикер Мирлан Бакиров жалпы жыйында баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчисин кийинүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн тургузуп алып жемелеген.

Тил уккан Тынысов комитет чечими боюнча чакырылгандардын катарында жок болгондуктан залдан чыгарылган эле.

Билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков бул боюнча иш алып барылаарын айтып, депутаттан кечирим сураган.

Ал ортодо Тыныстанов Жогорку Кеңешке биринчи ирет келгенин, анын келүүсү күтүүсүз болгонун, билгенде даярданып келмектигин билдирген.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу