МИРЛАН БАКИРОВ: КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВДИН АЙТКАНЫН КОЛДОЙ ТУРГАНЫН БИЛДИРДИ

Жогорку Кенештин бүгүнкү жыйныныда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров депутат Камчыбек Жолдошбаевдин кесиптештери коомдук унаа боюнча айтканын колдой турганын билдирди.

 М. Бакиров: “Кыргыз мамлекети парламенттик-президенттик башкарууда жашап жатат. Ар бир кеңештин өзүнүн макамы бар. Жергиликтүү кеңеш, Жогорку Кеңештин мыйзамы бар. Депутат Камчыбек Жолдошбаев эл өкүлдөрүн кызматтык унаа менен камсыз кылуу боюнча сүйлөгөн сөзү мыйзамдардагы ченемдерге туура келет. Биз кызматтык унаалардан баш тартуу боюнча токтом кабыл алганбыз. Бирок бул маселе боюнча мага да кайрылган депутаттар бар. Айрым депутаттардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Мен маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып кетким келет. Камчыбек Жолдошбаев туура маселени көтөргөн”, – деди Мирлан Бакиров.

Эске салсак, буга чейин депутат Камчыбек Жолдошбаевайрым депутат айымдар коомдук унаа менен жумушка келээрин алар үчүн уялаарын айткан. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Жолдошбаевди мандатынан ажыратуу керектигин интернет колдонуучулары жазган болчу.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу