Мирлан Баеков, ырчы: «Көп жылдык чыгармачылык тыныгуу элдин унутуусуна алып келет…»

3-4 жылдан бери чыгармачылык тыныгууда жүрүп эми чыгармачылыкка билек түрө киришип, күз айында жеке концерттин берүүгө ниет кылып, учурда жаңы ырлардын үстүндө кызуу иштеп жаткан ырчы Мирлан Баеков менен чыгармачылыгы туурасында баарлаштык. 

-Көптөн бери чыгармачылыктан көрүнбөй калдың эле, эми чыгармачылыкка билек түрө киришип жатыпсың, учурда кандай ырларды жаздырып жатасың?

— 3-4 жылдан бери жеке жумуштарыма байланыштуу жаңы ырларды жаратпай, сахнага да чыкпай чыгармачылыктан алыстай түштүм эле. Кудай буюрса, иштер өз жолуна коюлду. Эми жеке чыгармачылыгыма көңүл буруп, убакыт бөлүп кызуу кирешейин деп жатам. Азыр болсо «Өкүл ата» деген жаңы ыр жаздырып жатабыз. Жакынкы күндөрү клип тартсакпы деген пландарыбыз да бар. Баса, бул ырга чейин «Саратан» деген ырды жаздырдым. «Саратан» деген ырды Эрнест Абдыжапаров тарткан «Айыл өкмөт» деген кинодо гитара менен ырдаган болчумун. Ошол ырды кайра элдин эсине салып, кинодон үзүндүлөрдү кошуп клип кылып өз күйөрмандарыма сунуштадым. Мындан сырткары Кудай буюрса, ушул күздө жеке концертимди берсемби деп да жатам.

— Көп жылдан бери эле жеке концертимди берем деп сааты чыкпай жатты окшойт. Концертке даярдык кандай?

— Ооба, жылда концерт берем деп эле, 3 жылдан бери сааты чыкпай жатат. Негизи ойлонуп көрсөм, Мирлан Баеков деп жеке концертимди бере элек экенмин. Ошондуктан ушул күздө Улуттук филармонияга күйөрмандарымды чогултуп жеке концертимди берейин деп чечтим. Концертке өзүм даяр элемин. Болгону күнүн белгилей элекмин. Бирок буюрса, ушул күздө сөзсүз концерт коеюн деп жатам.

— Концертти кандай максатта өткөрүп жатасың, акча табуу же атыңды чыгаруубу?

— Концерттин бир эле максаты бар, элиме отчет берүү. Менин сахнада жүргөнүмө 10 жыл болуп калыптыр. Ошол жыл аралыгында бир да жолу концерт берген жокмун. Азыр концерттен акча таппайт экенибизди чыгармачылыкта жүргөндөрдүн баары билет. Ырчы болгондон кийин жеке концерт бериш керек деп эсептейм. Мен да 10 жылдык отчеттук концертимди берүү менен бирге элимдин батасын алайын деп жатам.

— Ырчылыкка кадам таштап  сахнага чыкканыңа канча жыл болду. Ошол жыл аралыгында чыгармачылыктан эмне таба алдың?

— Жалпысынан алып эсептесем, сахнага кадам таштаныма 15 жыл толду. Убакыттын учкан куштай бат өтүп жатканына таң калып отурам. Кечээ эле ырдап чыккандай болгом, бүгүн артка кылчайсам чыгармачылыкка аралашканыма 15 жыл болуптур. Бирок атым элге таанылып, Мирлан Баеков болгонума 8 жылдын жүзү болот. Ошондуктан концертимди сахнада 10 жыл деп берсемби деп жатам. Элге атым таанылбаган учурда деле сахнада  жүргөм, чыгармачылыкта эмгектенгем да.

— Ырдоо менен эл үчүн кызмат кылып жатам деп ойлойсуңбу?

— Ооба, элге кызмат кылып жатам деп ойлойм. Себеби менин ырларым нукура кыргызча ырлар, кандай ыр жаздырбайын улуттук колоритти кошуп кетем.

— «Өкүл ата» деген жаңы ырың хит ырлардын катарын толуктайт деп ишенесиңби?

— Бул ыр элге сиңип кетеринен күмөнүм жок. Себеби өкүл ата, өкүл апа коюу салты бизде илгертеден бар, алардын орду, кадыр-баркы да жогору. Өкүл ата менен өкүл апаны баарыбыз сыйлап, урмат көрсөтөбүз. Алар да балдарына экинчи эне-ата болуп жардамын берип, акылын айтып келет. Мен кыргызмын деген ар бирибиздин өкүл атабыз, өкүл апабыз бар. Ошондуктан бул ыр баарыбызга жагат деп ишенем. Өзгөчө өкүл ата, өкүл апалардын колдоосуна татыйт го дейм. Негизи бизде өкүл ата жөнүндө ыр жок экен. Өкүл аталарга да ыр арнап коеюн деп ушул чыгарманы жаздырдык. Сөзүн Жылдызбек Абдыраимов деген досум жазып берди, обону өзүмө таандык.

— Ырларыңдын текстин, обонун да өзүң жазасың. Кандай учурда эргүү келет?

— Башында элдик ырларды кайра жаздырып ырдап жүрчүмүн. Кийин өзүм текст жазып, аккордеондун коштоосунда обон жазып баштадым. Ырларды көбүнчө эч ким жок тынч жерде, жаратылыштын койнунда же студияда отуруп жазам. Негизи айылга, Токтогулга барганда эргүү келет. Шар аккан суунун жээгине отуруп, жан дүйнөнү тазалап, чарчоону жазып, эс алып отурганда жакшы чыгармалар жаралат.

— Күзүндө тойлор көп болгондуктан көп ырчылар күз айларында концерт бербей эле коюш керек, себеби эл концертке келбейт, ырчыларды тойдон эле көрүп алышат деп айтып калышат. Сен концертиме эл келбей койбойбу деп чочулаган жоксуңбу?

— Жок, андай коркуу сезими менде жок. Тойлор көп экени, ырчынын баары тойдо жүргөнү да талашсыз. Бирок концерттин өз көрүүчүлөрү бар. Менин чыгармачылыгымды сыйлаган, ырларымды сүйүп уккан күйөрмандарым бар. Мына ошолор менин концертиме келишет деп ишенем. Учурдан пайдаланып күйөрмандарымды концертиме чакырып кетем. Концерт театрлаштырылып коюлат. Сонун майрамдык шаң болот. Келип көңүл ачып, жаңы ырларыма күбө болуп кетиңиздер. Сиздерди отчеттук концертимден күтөм. Буюрса, жакында күнүн белгилеп, жарнамаларды кетире баштайбыз.

— Көпкө чейин чыгармачылык тыныгууда жүрүү менен өз күйөрмандарыңды жоготуп алам деп коркпойсуңбу?

— Эл алдына, сахнага, теле-радио, гезиттерге көп чыкпай, жаңы ырларды көп жаздырбай калсаң күйөрмандарыңды жоготосуң. Көп жылдык чыгармачылык тыныгуу элдин унутуусуна алып келет. Кайсы бир учурда ырчылыкка кайтып келсең да баштагыдай угармандарды таба албайсың. Ошондуктан жоголуп кетпей, убагы менен жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып эл сынына коюп турган туура.

— Ырларды жүрөктүн жана кулактын ыры деп бөлүп коет эмеспи. Сенин ырларың кайсынысына кирет?

— Менин ырларым жүрөктүн ырлары деп билем. Эми арасында кулактын ырлары да болушу мүмкүн. Бирок көп ырларымды азыркы кезге чейин эл угуп, тойлорго барганда эски ырларды суранып ырдатып калышат.

— Сенин жылдызың жанган учур деп кайсы учурду айтсак болот же ал убак эми келеби?

— 2010-жылдан баштап атым чыгып элге таанылгам. Ошол учурдан баштап эле менин жылдызым жанып, азыркы учурга чейин атым өчө элек. Эл жакшылыгына, мааракелерине чакырып, менин ырымды угуп жатат. Демек менин атым чыгып, жылдызым жанып турган учур деп билем.  Эл сени эстебей калса, анда унутта калдың десек болот. Кудайга шүгүр, азыр элдин эсиндебиз. Азыркы ырдап жаткан ырчылардын баарынын жылдызы жанып, атагы чыгып турат деп айта алам. Анткени аларды эл угуп жатат.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу