Мирзиёевдин Кыргызстанга алгачкы сапары… Үмүт арттыргын келишимдер

5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Бишкекке келет. Мындай маалыматты президенттик аппараттан билдиришти. Ага ылайык, кошуна өлкөнүн президенти эки күндүк иш сапарынын алкагында каралчу иштердин баш  сабында чек ара маселеси турат. Ошондой эле сүйлөшүү тар чөйрөдө жүрүп, андан соң кеңири негизде да болмокчу. Мирзиёев Кыргызстанга болгон сапарында өкмөт башчы Сапар Исаков жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен да жолугуп, өкмөттөр жана ведомстволор аралык келишимдерге кол коюлат. Мындай маалыматты президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, Мирзиёев менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев эки тараптуу кызматташууну алдыга жылдыруу максатында  иштелип чыккан келишимдерге кол коюшмакчы.

-Мирзиёевдин жасай турган иш сапарында карала турган башкы маселе болуп мамлекеттик чек араларды тактоо саналат. Өзүңүздөргө маалым болгондой эле Атамбаев Самарканд шаарында болуп, Мирзиёев менен жолукканда, чек араны делимитациялоо ишин активдештирүүнү айткан болчу. Анын алкагында 16 жолу эки тараптуу жолугушуу жүрүп, 1170 чакырым жер такталган. Бул талаштуу жердин 70 пайыздан ашыгын түзөт.

Эки тараптуу жолугушуунун уландысында соода-сатык тармагы, Анжиян жана Ош шаардык мэрияларынын кызматташуусу, ошондой эле Бишкек жана Ташкент шаарларынын ортосундагы билим берүү, изилдөө жана техникалык жаатта чогуу иш алып баруу демилгелери да каралмакчы.

Жогорку Кеңештин үч комитети жолугушуудагы маанилүү жагдай боло турган чек арадагы тактоо иштери менен таанышып чыкты. Депутат Абдувахаб Нурбаевдин белгилешинче, өкмөттүн чек ара тактоо боюнча даярдаган долбоору депутаттардын колдоосуна алынды.

Эл аралык  иштер, коргоо жана коопсуздук, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүүКонституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча болуп 3 комитеттин биргелешкен отуруму болду. Анда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара келишиминин долбоорун карадык. Буга чейин да эң талаш маселе ушул болуп келген. Эми ошонун көпчүлүк бөлүгү чечилип калыптыр. Депутаттар кеңешип, баарыбыз колдоп бердик.

 Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы талаш жерлерди тактоо иши Мирзиёев бийликке келгенден кийин кызуу козголгонун серепчилер да белгилешет. Ушул жылдын август айында эки өлкөнүн премьер-министрлери Сооронбай Жээнбеков менен Абдулла Арипов жолугушуп, бул маселени талкууга алышкан. Анын натыйжасында 1170 чакырым жер такталганын, ал боюнча келишимге кол коюлганы маалым болгон. Кыргызстан-Өзбекстан өлкөлөрүнүн ар тараптуу кызматташуусу чек арадан толук көз каранды. Бул көйгөйдүн чечилүүсү менен калган маселелер да жөнгө салынарын эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов айтат.

-Чек ара эле чечилсе, кыргыз-өзбек ортосундагы көп маселе жөнгө салынып калат. Бул биринчи кадам катары саналып, андан соң биз эки жактуу маселеде кыйла жогору деңгээлге чыгабыз. Андан сырткары да президент Мирзиёевдин Кыргызстанга келиши менен кичинекей тарыхый окуя пайда болот. Анткени эки өлкө башчылары кызматташууну жакшыртуу максатында алдыдагы күн тартибин кабыл алышат.

Мирзиёев менен Атамбаевдин жолугушуусунун алкагында соода-садык маселесине да орун берилет. Экономисттердин баамында, бул ишкердикти алдыга жылдыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Анткени эки өлкөнүн ортосундагы аралык жакын болгону себептүү өзбек-кыргыз тарап тең пайда табууга жол ачылат. Ал үчүн боло турган сүйлөшүүдө кыргыз тарап өлкөдөгү кабыл алынган укуктук-нормативдик актылар ишкерлерге жол ачарын жана ыңгайлуу шарт түзөрүн, саясий кырдаалга карабастан элдин басымдуу бөлүгү экономикалык жаатта эмгектенерин жана аларды колдоо максатында төмөн пайыздык кредиттер берилерин кошуна тарапка түшүндүрүп жеткирүү абзел. Мындай оюн экономист Эркин Абдыразаков билдирди.

-Эки өлкөнүн ортосунда соода алакаларын жүргүзүү үчүн транспорттук чыгымдын көп деле кереги жок. Болгону чек ара маселесин чечип, биргелешкен ишканалары ачуу керек. Буга чейин да картошка, эт сыяктуу азыктар аткезчилик жолу менен да кетип жүргөн. Биздикилер алардын ЕАЭБге сатабыз деп жатканы менен андан азырынча майнап жок. Менин оюмча, кошуна өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстан менен эле тыгыз иштешибиз керек. Анткени өзбекстандыктар бизден азыктарды сатып алып, Москвага алып барып сатып жатканын билип эле жүрөбүз.

Ушул жерден кошумчалап айта кетчү нерсе, ушул жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон товар алмашуусу 100,8 млн АКШ долларын түзгөн. Бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 1,8 эсеге өскөн.  2016-жылы эки өлкө ортосундагы эки жактуу товар алмашуу болсо 192,3 млн АКШ долларын түзүп, андан бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн 15% га жакын өскөн.

Кыргыз-өзбек алакаларын жакшыртуу максатында ушул жылдын октябрь айында жана келерки жылы эки жактуу мамиленин 25 жылдыгына карата маданият күндөрүн өткөрүү да пландалган.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстандын буга чейинки президенти Ислам Каримов ар кандай эл аралык саммит же форумдарды эске албаганда, Кыргызстанга расмий визит менен эң акыркы жолу 2000-жылы келген.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу