Миргүл Эсеналиева, Анжеликанын менеджери: «Анжелика учурда ооруканада тамчылатма дары алууда.»

Ырчы Анжелика Бекболиеванын абалы учурда туруктуу. Бул тууралуу ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева бүгүн, 17-июлда билдирди.

“Анжелика эсине келген. Учурда ооруканада тамчылатма дары алууда. Абалы мурункуга караганда бир топ жакшы. Эртең, 18-июлда ал уюштурган “Бактылуу айым” кайрымдуулук концерти болмок. Бирок ага өзү катыша алабы, жокпу азырынча белгисиз. Бул нерсе дарыгерлердин уруксаты менен чечилет”, — дейт ал.

Ал эми ырчынын социалдык тармактагы баракчасына Алтынай аттуу сиңдиси билдирүү калтырган.

«Атым — Алтынай, Анжеликанын сиңдиси болом. Ырчыга дарыгерлер телефон менен сүйлөшүүгө жана интернет менен колдонууга тыюу салышкан. Мындан улам, бир жума бул баракчаны мен иштетем. Учурда Анжелика Кайратовна баарыңыздарга башын ийип, колдооңуздарга ыраазычылык билдирүүдө. Ошондой эле, өзү да кыргыз элине кайрылуу жасады«, — деген ал.

«Мендеги күчтү, мүмкүнчүлүктү, уюштуруучулукту жана аракетчиликти Жараткан пайда алып келсин деп берип жаткандан кийин, жолумдан чалынып кетсем да жыгылбайм! Буюрса, эртеңки күнгө койгон максатымды да ишке ашырам. Анткени досторум жана командам күчтүү”, — дейт ырчы өзү.

Эскерте, кетсек Анжелика айланасында айтылган ар түрдүү кептердин таасиринен улам эсин жоготуп, ооруканага жаткырылганы айтылган.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу