Анжеликанын жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканына ким күнөөлү..?

Ырчы Анжелика менен чыгармачылыкта чогуу иштешип келе жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Мындан тышкары Анжелика менен баарыңыздарга маалым болгондой жакын курбуларданбыз. Анжеликанын айланасында болуп жаткан ар кандай ушак сөздөр боюнча көпчүлүктүн кабары бар. Буга чейин мен Анжела жөнүндө болгон ушактарга «без комментариев» деп гана кийлигишчү эмесмин.

Бирок Анжеликанын акыркы акыбалын көрүп туруп унчукпай коюуга мүмкүн болбой калды. Анжелика тууралуу социалдык тармактарга жана ММКларга, гезиттерге тараган бирөөлөрдүн жалган маалыматтарынын таасиринен улам, Анжелика ээсин жоготуп тез жардам чакырылып ага жардам көрсөтүлүп, кафеден үйүнө жеткирилди.

Ал эми эртеси күнү 14-июль саат 21:30да ден-соолугу кайрадан начарлап ооруканага жеткирилди. Даарыгерлер нервдин чарчагандыгын жана сыгылгандан улум зобдун организмге терс таасирин тийгизгендигин айтышууда. Анжелика капельница алуу менен жасалма дем алдыруучу аппаратта эки сааттай жатып, Кудайга шүгүр абалы туруктуу.

Бирок, башка ситуация болуп кетсе 3 кызына, жолдошу Урмат байкеге, ата-энесине жана ошондой эле туугандарына ким жооп бермек? Ушундан улам Анжеликанын ден-соолугун жана жеке жашоосун сактап калуу максатында жалпы коомчулуктан жана анын күйөрмандарынан Анжелага карата айтылып жаткан ар кандай негативдерге кайра-кайра кайрылбоону суранам. Ар бириңиздер өзүңүздөрдү Анжеланын ордуна койсоңуздар…

Унутпашыбыз керек, бул жашоодо болбосо да, тиги жашоодо ар бир айтылган сөздөрүбүзгө жооп беребиз!- деп билдирет Миргүл Эсеналиева

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу