Мирбек Иманбеков: Стресс болуп элден алыстап, тоо арасында жүрүп калгам

Популярдуулуктун эң жаман жери – адамдын ар бир иши, жасаган кыймыл-аракетинин ар бири элдин көз алдында болгону. Интернеттин кеңири тарашы жылдыздардын жашоосун алаканга салгандай эле жакындатты. Биз бул жолу алардын интернет аркылуу элге тарап кеткен жагымсыз видеолорун чогултуп, ал видеолор тууралуу өздөрүнүн пикирлерин да уктук.

Таластык кыздарды тамшандырып коюп акыркы жылдары сахнадан көп көрүнбөй калган ырчы Мирбек Иманбеков да жагымсыз видеолордон кур эмес. 2017-жылдын аягында тараган ал видеодо Мирбек достору менен гитара чертип отурат. Анан эле биздин ырчыбыз досторунун бири менен мушташа кетип, орто жолдо гитара сынат.

— Мен үчүн ал видео тууралуу эскерүү азыркыга чейин оор. Көңүлүмдү кирдеткен ал окуяны эми гана унутканга аракет кылып келе жатам. Ошол учурдагы эмоцианалдык абалым абдан оор болгон. Стресс болуп элден алыстап, тоо арасында жүрүп калгам. Ичимдеги кайгы-капаны, таарынычты тоонун таза абасы, кенен жайыты, жалгыздык менен дарыладым окшойт. Мени ошондой абалдан сууруп чыккан тууган-урук, досторума жана калың элиме чоң рахмат! Видеону көргөндөр өздөрү эле ким туура, ким туура эмес кылганын чечип, мени колдоп алышты. Мындай окуялар кимдир-бирөөнүн башынан өтсө сабыр тилейм, бул жагдайды убакыт менен дарылап, сабырдуулук менен гана жеңбесең жүрөк оорулуу болуп калуу оңой эле экен.

Булак: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу