Мирбек Атабеков, ырчы: «Акыркы клипте аксак бутум менен тартылгам…»

Ырдын аталышы: «Тыңда мени» 

Казак ырчысы Кашмат Жолдыбаева менен ырдаган дуэтибизге клип тартуу оңойго турган жок. Кыз үчүн согушкан эпизод бар эмеспи, сценарий боюнча мушташып жатканда атаандашым мени столго ыргытат болчу. Катуу күч менен алып ыргытты эле, тегерек стол кыйшыйып жыгылып, үстүндөгү тарелка, бокал, кашык- вилкалардын бардыгы менин үстүмө шагырап түштү, столдун бир бурчу болсо бутума катуу тийди. Өзү да абдан оор экен. Ошол эпизоддон кийин  үч күн бутум аксап жүрүп, кийинки эпизоддорго аксак бутум менен тартылгам. Профессионал болбогондон кийин канча даярдык көрсөм дагы аздык кылып, аткаруу кыйынга турган. Бирок  монтаждоо иштери бүтүп клипти көргөндө «мен дагы ушинтип мушташканды билет белем» деп өзүмө таң калгам.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу