Мирбек Атабеков, ырчы:»Кызым күлгөндө дүйнөм керемет боло түшөт»

– Мирбек, кандайсың? Телефон чалганымда «түнү менен барабан кагабыз» дедиң, эмне иштер менен алек болуп жатасың?

– Үн жаздыруучу студиямдагы иштер менен алекпиз. Сиз айткандай, буга чейин барабандын жандуу үнүн ырдын музыкасына кошо алчу эмеспиз. Интернеттен даярын таап кошчубуз. Анткени бизде сапаттуу үн жазган студиялар жок эле. Мисалы, барабандын таза, тунук чыккан үнүн жазуу үчүн 10 чакты микрофон керек. Азыр жок деген нерсени артта калтырып, сапаттуу, кымбат жабдыктар менен иш алып барып, аракет кылып жатабыз. Менин оюмча, коомдук телеканалдарга, музыкалык окуу жайларга деле сапаттуу студиялар керек. Ал иштерден сырткары эфирге чыкпай калган концерттеримдин үстүнөн иштеп жатам. Монтаждап, жазылбай калган жерлерин кайра жаздырып дегендей.

– «Чыгармачылыгымды өстүрүп, Европага чыгам» деген тилектериң бар эле, аракеттер болуп жатабы?

– Европага 23-июлда кетип жатам, концерттер бар. Швеция, Норвегия мамлекеттерин кыдырам, биздин диаспоралар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ырларыбызды Европа угуш үчүн англис тилинде ырдашыбыз керек. Бул жакта күнүнө 2-3 саат англисче окуганың менен, сыртка чыгып эле кыргызча сүйлөшөсүң. Англисче мыкты билиш үчүн англис тилинде сүйлөгөн өлкөдө жашаш керек экен деп ойлоп калдым. Учурда англис тилин мыкты билем дебейм, бирок күнүмдүк тиричиликке керектүү сөздөрдү билем. Эртеңки күнү Европага чыга аламбы, чыга албаймбы, сөз бере албайм, Кудайдын буйругу. Ал жактын шоу-бизнеси, албетте, биздикинен кескин айырмаланып турат. Биздин ишенгенибиз эле интернет. Өзүбүздү интернет аркылуу гана көрсөтө алабыз.

– Кыздуу болсом деп кыялданып жүрдүң эле. Сүйүнчү укканда сезимдериң бөлөкчө болсо керек?

– Кыздуу болгонумду мага кайнежем сүйүнчүлөдү. Көптөн күткөн кызым жарыкка келип жаткандагы кубанычымды, эмоциямды сүрөттөө мүмкүн эмес го. Анткени УЗИден кыз экенин билип, мен өзгөчө катуу күтүп жаткам. Укканда калдаңдап эле кайдадыр шашып, өзүмдү коёрго жер таппай калдым.

– Кыздуу болгону мурункудай элесиңби же өзгөрдүңбү? Өзүңө байкалган жокпу?

– Кыздуу болсом өзгөрөм го деп жаткам. Өзгөрөм деп жаткан Мирбек кыздуу болду, бирок ачыгын айтайын, өзгөргөн жок. Кандай болсом, кандай жашап жатсам, азыр деле дал ошондоймун. Мурун уулум бар десем, азыр кызым да бар деп калдым. Болгону жумушум көбөйүп, иш графигим өтө тыгыз.

– Уул бала атасын тартат дешет, сени туугандарың кимге окшоштурушат? Сага уулуң окшошпу же кызыңбы?

– Мага уулум дагы, кызым дагы окшош. «Буюрса, кийинки балдарыбыз сага окшош болот» деп апасын сооротуп жатам. Мени туугандарыбыз чоң атама окшоштурушат. Ал кишинин колунда өсүп калбадым беле. Ии, анан атамдын агасына да окшошуп кетем.

– Азыр кызың Ыйманга канча ай болду, кылыктары чыгып калдыбы?

– Кызым 3 айга толду. Жанына барып «кызым» деп койсом, түшүнгөндөй жадырап күлүп калат. Кызым бир күлүп койсо баарын унутуп, дүйнөдө менден ашкан бактылуу адам жоктой сезилет. Баламдын күлгөнү деле жакшы, ал өзүнчө ырахат. Бирок кыздын жылмайганы, күлгөнү табиятынан сулуу, көркөм болот окшойт. Азырынча кылыктары чыга элек.

– Жакшы күйөө бала деп уктум, өзүңө кандай сыпаттама бересиң?

– Туура угуптурсуз, аябай сонун күйөө баламын. Кайын журт мен барганда макташат, эркелетишет. Бул иштерим үчүн макташат деп аларды санасам, мактанчаак болуп калам. Чын айтам, бетиме эле макташат.

– Жашоодо эмнеден коркосуң?

– Адамзатынын баары Кудайдан корксок керек. Андан кийин эле адамдардын күнөөлүү болуп дүйнө салышынан корком. Алардын арасында мен дагы. Күнөөлүү болуп дегеним кандай? Бүгүнкү күндө туура эмес иштерге азгырык күндөн күнгө көбөйүп жатат. Мисалы, айрымдар сөгүнүп-сагынып, жылаңачтанып ырдап, клипке тартылып жүрүшөт. Ал көнүмүш адатка айланып, бара-бара кадимки көрүнүш катары кабыл алып баратабыз. Бузула турган нерселерге белчебизден малынып, сазга батып баратканыбыздан корком.

– Өзүңдүн жакпаган сапаттарың барбы?

– Өзүмдүн жакпаган сапатым — кандай нерсе болбосун бат тажап кетем. Мисалы, бир иш баштадым деп коёлу, аны аягына чыгарсам эле сонун болуп кетет деп ойлойм. Бирок аягына чыгаргандан кийин тажап кетем да, башка нерсеге кызыгуум ойгонот.

– Шылуундарга кабылып, алданып калган учур болду беле?

– Шылуундарга көп кабылам, бирок ага өкүнбөйм. Бирөөнү алдагандан көрө алданып калган жакшы деп ойлойм. Ырчы болуп жаңы чыгып келе жаткан кезде ресторанда иштечүмүн. Ошондо ошол ресторандын дайымкы кардары менен тааныш болуп калгам. Мени «жакшы ырдайсың, азамат» деп жүрчү. Ошентип ал адам менен дос болуп кеттим. Ал убакта компьютерлер сейрек, анан кымбат болчу. Ырларды компьютерге жаздыруу дегенди билчү эмеспиз. «Чет өлкөлүктөр компьютерге жаздырат» дегенди угуп алып, мен да ошондой эксперимент кылып көргүм келген. Баягы ресторандын дайымкы кардары, менин досум компьютер алып бермей болуп, менден 1000 доллар алган. Ошону менен ал кишини көргөн жокмун.

– Учурда коомдогу кайсы көйгөй ойлонтуп жатат?

– Акыркы учурда технологиянын заманы деп эле баарыбыз интернетте отуруп калдык. Интернеттин, албетте, жакшы жактары көп. Мурун кайда барбайлы, эмне иш кылбайлы өзүнүн талабы, чеги боло турган эле. Азыр чек жок. Бардык жерде демократия. Интернетте ким эмне видео тартып жүктөп жатат, ким кандай чакырык жасоодо эч көзөмөл жок. Адамды терс жакка үндөй турган нерсенин баары көрсөтүлүп, ал гана эмес, хит болуп жатат. Акыркы учурда ушул нерселерге капа болуп жүрөм.

– Жашоодо жакшы жаңылыктар көп болсун, маегиңе рахмат.

«Үй-бүлөм – менин байлыгым, чыгармачылыктагы демөөрчүм». БУЛАК:СУПЕР.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу