Мирбек Атабеков күйөрмандарынан эмнени суранды?

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков окурмандарга кайрылды.

“Жакында менин аткаруумдагы жаңы ырларды күтүп жаткан жалпы күйөрмандарыма: бир аз сабыр топтоп туруңуздар демекчимин. Себеби ар бир чыгармамды өтө кылдат мамиле менен аткарып, толук бүткөн варианттарын назарыңарга тартууламакчымын. Ал эми бүтө элек,чийки ырларымды Youtube каналына жүктөгөн мырза айымдарга ал нерседен алыс болууга өтүнөм,себеби баары мыйзам чегинде эң алгач адамкерчилик мыйзамдарына келип такалат!”,-деп жазды Атабеков.

Белгилей кетсек, Мирбек Атабековдун аткарган ырлары бат эле хитке айланып кетет.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу