Мира Карыбаева экс-депутат Жоомарт Сапарбаевге кайнене болду

Атамекенчи экс-депутат Жоомарт Сапарбаев президенттик аппараттын Жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Мира Карыбаеванын кызына үйлөндү. Бул тууралу коомдук ишмер Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып билдирди.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча Мира Карыбаеванын кызы Айгерим сулуулар сынактарына катышып жүргөн модель кыздардын бири. Айгерим легендарлуу “Элес” тобунун легендарлуу бас-гитаристи, ыраматылык Азамат Аширбековдун кызы(Мира Карыбаеванын биричи никесинен).

Мира Карыбаева 2010-жылга чейин укук коргоочу катары белгилүү болгон. 2010-жылкы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин президенттик аппаратка кызматка аны Роза Отунбаева алып келген.

Жаштарга бакыт гана каалайбыз! Кармашкан колдоруңар үзүлбөсүн!

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу